2025-10-04 00:00:01 123

Кечээ, 3-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Кыргызстандын суу байлыгы: Сыр-Дарья, Кара-Дарья жана Нарын дарыяларын келечек муун үчүн сактоо жана натыйжалуу пайдалануу” аттуу форум өттү. Иш-чарада климаттын өзгөрүшүнө шартталган суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо, Сыр-Дарья бассейниндеги суунун агымына климаттын тийгизген таасири, жаштардын туруктуу суу чарбасын өнүктүрүүдөгү салымы боюнча темалар талкууланды.
Форумга кафедранын окутуучулар курамы (каф. башчысы, доц., г.и.к. Шербаева З.Э., доц., п.и.к. Зулушова А.Т., Исакова У., Шерматова Ж., Шаимкулова Р., Мейманова Э., Тургунова В., ж.б.), "География", "География жана экология", "ТИББ" адистиктеринин студенттери, ошондой эле мамлекеттик органдар, Улуттук илимдер академиясы, университеттер, эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, эксперттер катышты.
Форумдун эксперти катары кафедранын доценти, г.и.к. Обдунов Э.А. баяндама жасап, аудиториянын көптөгөн суроолоруна жооп берди.
Жыйында жаштарга арналган атайын сессиялар жана окуучулар менен студенттер арасындагы конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи да орун алды, сыйлык алгандардын ичинде ГЭ-1-24 тайпасынын студенттери Бекташов Ч., Мирлан у. Т., жетекчиси кафедранын доценти, г.и.к. Аккулов А.У.
Бул форум Сыр-Дарья дарыясынын эл аралык күнүнө карата уюштурулуп, GIZ’дин Борбор Азиядагы “Климаттык таасирди эске алган суу ресурстарын башкаруу” регионалдык программасынын алкагында өткөрүлдү.
2025-10-15 00:00:01 88

2025-10-28 00:00:01 101

2025-10-28 00:00:01 71

2025-10-31 01:02:03 555

Кафедранын ички гранттык долбоорлору ОшМУнун көргөзмөсүндө өндүрүүчүлөргө сунушталды
Кечээ, 30-октябрда ОшМУда ички гранттардын негизинде ишке ашып жаткан илимий долбоорлордун көргөзмөсү өттү. Иш-чаранын алкагында "Физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана ТТК" кафедрасынын окутуучулары даярдап, аткарган 2 илимий долбоору:Проекты кафедры на выставке ОшГУ
30 октября, в ОшГУ открылась выставка научных проектов, реализованных за счет внутренних грантов. В рамках мероприятия представителям промышленности, инвесторам и потенциальным партнерам были представлены 2 научных проекта, подготовленных учеными и преподавателями кафедры "Физическая география, география Кыргызстана и КСЕ":2025-11-01 07:07:07 77

ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА ИЙГИЛИКТЕР МЕНЕН КУТТУКТАЙБЫЗ!
Президент Садыр Жапаров 31-октябрда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган мыкты 92 студентке мактоо баракчасын жана 60 миң сомдон президенттик стипендия тапшырды. Президенттик стипендияга быйылкы жылы ОшМУдан 9 студент ээ болду. Алардын ичинде биздин институттун студенти Жасмина Исматила кызы, "Физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана ТТК" кафедрасынын улук окутуучусу Шерматова Жаркынай Ташполотовнанын кызы. Жеңүүчүлөр 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы менен тандалып алынган. Куттуктайбыз жана окууда жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!ПОЗДРАВЛЯЕМ С ДОСТИЖЕНИЯМИ И УСПЕХАМИ!
Президент Садыр Жапаров 31 октября, вручил 92 студентам, обучающимся в вузах Кыргызстана, почетные грамоты и президентские стипендии в размере 60 тысяч сомов каждому. В этом году 9 студентов ОшГУ стали их обладателями. Среди них студентка нашего института Жасмина Исматила кызы, дочь старшего преподавателя кафедры "Физическая география, география Кыргызстана и КСЕ" Шерматовой Жаркынай Ташполотовны. Победители были определены по результатам отборочного тура по итогам 2024-2025 учебного года. Поздравляем и желаем новых достижений в учебе!2025-11-08 08:01:01 77

ФерМУдагы эл аралык илимий практикалык конференцияга катышуу
"Жашыл Өзбекстан: ландшафт жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелери" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция Фергана мамлекеттик университетинде (Өзбекстан) 7-8-ноябрда өтүп жатыр. Конференциянын уюштуруу комитетинин курамына биздин институттун директору, география илимдеринин доктору, профессор урматтуу Низамиев Абдурашит Гумарович кирген. Бул иш-чаранын максаттары: климат өзгөрүшү шартында Өзбекстанда жана Борбордук Азияда ландшафттык жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана алардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча илимий негизделген ыкмаларды иштеп чыгуу, ж.б. Физикалык география, Кыргызстан географиясы жана КГЭ кафедрасынын окутуучулары пленардык жыйынга катышып, секциялык жыйындарда талкуулоо үчүн өз макалаларын сунушташты: кафедра башчысы, г.и.к., доцент Шербаева З.Э., г.и.к., доцент Сатыбалдиев Б.С., п.и.к., доцент Зулушова А.Т., улук окутуучу Камчиев У.М., улук окутуучу Исакова У.И., улук окутуучу Шаимкулова Р.Р., окутуучу Мейманова Э.М.Преподаватели кафедры участвуют в международной научно-практической конференции ФерГУ (РУз)
В Ферганском государственном университете (Узбекистан) 7-8 ноября проводиться международная научно-практическая конференция "Зеленый Узбекистан: вопросы сохранения ландшафта и биоразнообразия". В организационный комитет конференции входит директор нашего института, д.г.н., профессор уважаемый Низамиев Абдурашит Гумарович. Целями данного мероприятия являются: разработка научно обоснованных подходов к сохранению ландшафтного и биологического разнообразия, а также обеспечению их устойчивого развития на территории Узбекистана и Центральной Азии в условиях изменения климата, и др. Преподаватели кафедры "Физическая география, география Кыргызстана и КСЕ" участвовали в пленарном заседании и предложили свои статьи на обсуждение в секционных заседаниях: зав. кафедрой, к.г.н., доц. Шербаева З.Э., к.г.н., доц. Сатыбалдиев Б.С., к.п.н., доц. Зулушова А.Т., ст. преп. Камчиев У.М., ст. преп. Исакова У.И., ст. преп. Шаимкулова Р.Р., преп. Мейманова Э.М.2025-11-13 12:00:01 57

Эл аралык академиялык мобилдүүлүк алкагында НМУдан, Өзбекстандан келген окумуштуулардын ачык лекциялары өттү, 2025-11-13
Кечээ, 12-ноябрда, "География" жана "Табигый-илимий билим берүү" багыттарында окуган студенттер, ошондой эле биздин кафедранын окутуучулары академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Наманган мамлекеттик университетинин (Өзбекстан) окумуштууларынын, алардын ичинде, г.и.к., доцент А.С.Баратовдун - геоморфология боюнча, г.и.к., доцент Б.М.Абдурахмоновдун - картография боюнча ачык лекцияларына катышышты. Сунушталган кызыктуу илимий фактылар жана мыйзам ченемдүүлүктөр, турмуштан алынган мисалдар лекциянын катышуучуларынын чыныгы кызыгуусун жаратты, көптөгөн суроолор берилип, аларга урматтуу коноктор кеңири жана толук жооп беришти. Жолугушуунун аягында лекторлор "Физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана ТТК" кафедрасынын башчысы, г.и.к., доцент З.Э. Шербаевага илимий китептерди тапшырышты. Ал өз жообунда Өзбекстандан келген кесиптештерине ыраазычылык билдирип, кафедралардын ортосундагы кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө чакырды.Ученые из НГУ (Узбекистан) провели открытые лекции в рамках международной академической мобильности
Вчера, 12 ноября студенты, обучающиеся по направлениям "География" и "Естественно-научное образование", а также преподаватели нашей кафедры прослушали отрытые лекции, проведенные учеными из Наманганского государственного университета (РУз) в рамках академической мобильности, в частности к.г.н., доцентом Баратовым А.С. - по геоморфологии, к.г.н., доцентом Абдурахмоновым Б.М. - по картографии. Приведенные интересные научные факты и закономерности, примеры из жизни вызвали неподдельный интерес у участников лекций, были заданы вопросы, на которые уважаемые гости дали подробные и обстоятельные ответы. В заключение встречи лекторы подарили научные книги заведующему кафедры "Физическая география, география Кыргызстана и КСЕ", к.г.н., доц. Шербаевой З.Э. В ответном слове она поблагодарила коллег из Узбекистана и призвала еще больше расширять сотрудничество между кафедрами.2025-11-19 09:01:01 101

ОшМУда илимге салым кошкон географтар сыйланды
Кечээ, 18-ноябрда, Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде 2024-2025-жылдардагы илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыгында мыкты болгон окутуучуларды сыйлоо аземи уюштурулуп, ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору, г.и.д., профессор, улуу урматтуу Абдурашит Гумарович Низамиев, "Физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана ТТК" кафедрасынын окутуучулары: г.и.д., профессор, урматтуу Матикеев Курманали Матикеевич; г.и.к., доцент, урматтуу Эргешов Садирали Эргешович; кафедра башчысы, г.и.к., доцент, урматтуу Зувайда Эрмаматовна Шербаева; г.и.к., доцент, урматтуу Абдижапар Ураимович Аккулов, "Экономикалык география, аймактык экономика жана туризм" кафедрасынын окутуучусу, г.и.к., доцент, урматтуу Эрнисбек Каныбекович Алайчиев «ОшМУнун ички гранттык долбоорлорунун илимий көргөзмөсү – 2025» сынагынын жыйынтыгында бир катар номинацияларынын жеңүүчүлөрү болуп, татыктуу сыйлыктарга ээ болушту. Сыйлыгыңыздар кут болсун, өрнөктүү өкүнбөгөн өмүр сүрүп, бактылуу, дөөлөттүү карылыктын доорун жашаңыздар!В ОшГУ географы награждены за вклад в науку
Вчера, 18 ноября, в честь Всемирного дня науки в Ошском государственном университете состоялась торжественная церемония чествования выдающихся преподавателей за научно-исследовательскую работу в 2024-2025 годах. Директор Института естествознания, физической культуры, туризма и аграрных технологий ОшГУ, д.г.н., профессор, глубокоуважаемый Абдурашит Гумарович Низамиев, преподаватели кафедры «Физическая география, география Кыргызстана и КСЕ»: д.г.н., профессор, уважаемый Матикеев Курманали Матикеевич; к.г.н., доцент, уважаемый Эргешов Садирали Эргешович; зав. кафедрой, к.г.н., доцент, уважаемая Зувайда Эрмаматовна Шербаева; к.г.н., доцент, уважаемый Абдижапар Ураимович Аккулов, преподаватель кафедры «Экономическая география, региональная экономика и туризм», к.г.н., доцент, уважаемый Эрнисбек Каныбекович Алайчиев стали победителями ряда номинаций конкурса «Научная выставка внутренних грантовых проектов ОшГУ – 2025» и получили заслуженные награды. Поздравляем вас с наградами коллеги, желаем бесконечно долгих и счастливых лет жизни, наполненных здоровьем, покоем, счастьем и заботой!