Материалдык техникалык база


Материалдык-техникалык базасынын абалы жана аны жакшыртуунун чаралары



Кафедрада лекциялык, семинардык жана лабораториялык-практика-лык сабактарды өтүү үчүн аудиториялык фонд жетишерлик. Мисалы, кафе-дранын карамагында 2 лекциялык зал – 318-322-аудиториялар. Булардын ичинен 318-аудитория интерактивдүү доска проектору менен жабдылган, ал эми 221, 222, 316, 317, 323, 324-аудиториялар кафедрадагы окутулган дисциплиналардын бөтөнчөлүгүнө жараша лабораториялык сабактарга ылайыкташып түзүлгөн жана тиешелүү каражаттар менен жабдылган. 1 жаратылыштын жандуу бурчу, 1 гербарий фонду, 2 борбор:

биринчиси – “Толеранттуулукту жана коопсуз билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун өнүктүрүү борбору”,
экинчиси – “Илимий изилдөө ресурстук борбору”, 1 Профессор Б.Каримова атындагы өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгү окуу-илимий лабораториясы бар.

Мындан сырткары, кафедрага караштуу 13 компьютер, 5 принтер бар. Кафедрадагы предметтер боюнча адабияттар жетиштүү санда, ал эми жетишпегендери боюнча университетке буюртмалар берилген. Кээ бир предметтерден кафедранын мүчөлөрү тарабынан КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен окуу куралы жазылып жарыкка чыккан (Тажибаев А., Эмилбекова Д.А.). Бул окуу куралдары студенттер үчүн жетиштүү санда ОшМУнун жана факультеттин китепканаларына берилген. Лабораториялык жана практикалык жумуштарды аткарууга зарыл болгон жабдуулар жана химиялык реактивдердин маселеси негизинен чечилген. Ошондой эле лабораториялык сабактар үчүн 1 спектрофотометр, 1 санарип-тик микроскоп, 12 жарык микроскоп жана учурдун талабына туура келген заманбап микроскоптор: “Тринокулярный Levenhuk MED 20”, “Olimpus СО II” алынып, сабактарга колдонулууда.

Кафедрада жаңы окуу жылына карата материалдык-техникалык базаны бүгүнкү күндүн талабына туура келген заманбап окуу куралдар менен касыздоо, аларды чыңдоо боюнча иш-чаралар каралган. Ошондой эле факультеттин ботаникалык багына талаа практикаларды уюштуруу, лабораториялык сабактарды өткөрүү жана тажрыйбаларды коюу, фенологиялык байкоолорду жүргүзүү максатында аны реконструкциялоо иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Кафедранын кошумча материалдык-техникалык базасы катары институттун карамагындагы агробиостанциядагы аянтчалар: генетикалык (0.01 га), типтүү мектеп аянтчасы (0.04 га), мөмө-жемиш багы (0.1 га), коргоого алынган өсүмдүктөрдү калыбына келтирүү аянтчасы (0.2 га), дендропарк (0.3 га), 2 окуу кааналары ж.б. кызмат кылат.