ОшМУда PhD докторанттарынын илимий баяндамалары угулду
2026-жылдын 22-апрелинде Илим жумалыгынын алкагында 550200 «Биология» багыты боюнча философия доктору (PhD) даражасын изденүүчүлөрдүн илимий баяндамалары угулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү изденүүчүлөр илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен тааныштырышты:
Маткеримова Фатима: «Кемпир-Абад бассейниндеги дарыялардын төмөнкү агымындагы балыктардын фаунасы жана биоэкологиялык өзгөчөлүктөрү» (илимий жетекчиси: б.и.к., доцент А.М. Абдыкааров);
Кубаныч уулу Жумабек: «Кыргызстандын шарттарында Coleoptera жана Orthoptera түркүмүндөгү курт-кумурскаларды хитин жана хитозандын булагы катары колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талдоо» (илимий жетекчиси: б.и.к., доцент Ж.Т. Молдалиев).
Илимий иш-чарага Зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын окумуштуулары, ошондой эле Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин 520200 «Биология» билим берүү программасынын студенттери жана магистранттары катышты.
Баяндамалардын илимий тереңдигин жана практикалык маанилүүлүгүн катышуучулар тарабынан берилген көптөгөн суроолор жана кызуу талкуулар ырастады. Иш-чаранын соңунда Зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын башчысы, доцент К.Ы. Стамалиев баяндамачыларга институттун директору, профессор А.Г. Низамиевдин атынан атайын сертификаттарды салтанаттуу түрдө тапшырды.
В ОшГУ прошли научные доклады соискателей степени PhD
22 апреля 2026 года в рамках Недели науки состоялись научные доклады соискателей ученой степени доктора философии (PhD) по направлению 550200 «Биология».
С результатами своих научных исследований выступили:
В данном научном мероприятии приняли участие ученые кафедры зоологии, экологии и биоинженерии, а также студенты и магистранты образовательной программы 520200 «Биология» факультета естествознания, физической культуры, туризма и аграрных технологий.
Высокий научный уровень и практическую значимость докладов подтвердили многочисленные вопросы и активная дискуссия участников. В завершение мероприятия заведующий кафедрой зоологии, экологии и биоинженерии, доцент Стамалиев К.Ы. вручил докладчикам сертификаты от имени директора института, профессора Низамиева А.Г
Жаштар Парламентинин жаңы экологиялык демилгеси окумуштуулардын кароосуна коюлду
2026-жылдын 1-июлунда Ош технологиялык университетинде (ОшТУ) Кыргыз Республикасынын Жаштар Парламенти тарабынан демилгеленген «Экологиялык билим берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору талкууланды. Тегерек стол форматында өткөн бул иш-чарага жогорку окуу жайлардын окумуштуулары жана курчап турган чөйрөнү коргоо багытындагы мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Иштелип чыккан мыйзам долбоору рецензенттер тарабынан катуу талкууга алынды. Алсак, ОшТУнун «Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо» билим берүү программасынын башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Б.Н. Шамшиев, ОшТУнун Технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун директору, биология илимдеринин кандидаты, доцент З.А. Тешебаева, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн Медициналык жана биологиялык көйгөйлөр илимий-изилдөө институтунун директору, биология илимдеринин доктору, ОшМУнун профессору Т.Т. Жумабаева жана биология илимдеринин кандидаты, ОшМУнун зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценти, «Экология жана туруктуу өнүгүү» борборунун башчысы А.М. Абдыкааров аталган мыйзам долбоорун өркүндөтүү боюнча өздөрүнүн жигердүү сунуш-пикирлерин билдиришти.
Өз кезегинде А.М. Абдыкааров Европа Биримдигинин ERASMUS+ программасынын алкагындагы «Жашыл жана санарип университеттер Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн» (GREENKG) долбоорунун маанилүүлүгүнө токтолду. Ал жогорку кесиптик билим берүү системасына университеттин «жашыл» жана «санариптик» моделин киргизүү, ошондой эле «Азыркы дүйнөдөгү экологиялык аспектилерди өнүктүрүү жана башкаруу» аталышындагы тармактык курстун иштелип чыгып, ЖОЖдорго жайылтылгандыгын баяндады. Ошону менен бирге, ОшМУда туруктуу өнүгүү принциптерине интеграцияланган билим берүү процесси кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.
Иш чарага зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын башчысы К.Ы.Стамалиев жана ОшМУнун 520200 Биология билим берүү программасынын PhD докторанты Ташбалтаева Шааркан катышып, мыйзамдын долбооруна маанилүү сунуштар айтылды.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар тарабынан Жаштар Парламентинин төрагасы жана түштүк региону боюнча координатору Адылбек Ниязовго, КР Жаштар Парламентинин негиздөөчүсү Н.А. Жолдошовага жана жалпы эле Жаштар Парламентинин мүчөлөрүнө ушундай маанилүү демилгени көтөрүп чыккандыктары үчүн алкыштар айтылып, ийгиликтер кааланды.