Конференции

2025-жылдын 16-18-октябрында Өзбекстан Илимдер академиясынын Каракалпак илим-изилдөө институтунда “Евразия биотүрдүүлүгүн сактоо: актуалдуу көйгөйлөр, чечүү жолдору жана перспективалары” аттуу III Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга Түркия, Азербайжан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген биологдор катышты. Кыргызстандан ОшМУнун Табигый илимдер, дене тарбия, туризм жана агротехнологиялар институтунун, ошондой эле Медицина колледжинин профессордук-окутуучулар курамынан турган делегациясы катышты.

Кыргызстандык илимпоздор Тянь-Шань жана Памир-Алай экосистемасынын биоартүрдүүлүгүн сактоо көйгөйлөрү, аларды жакшыртуунун жолдору боюнча илимий баяндамаларын жасап, башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен пикир алмашышты. ОшМУнун профессордук-окутуучулар жамааты тарабынан даярдалган докладдар конференциянын катышуучуларынын зор кызыгуусун жаратып, активдүү талкуулар жана суроолор менен коштолду. Уюштуруучулар кыргыз делегациясына катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, илимий байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө, ошондой эле академиялык мобилдүүлүк программаларын кеңейтүүгө жана конок лекцияларын өткөрүүгө кызыкдар экенин баса белгилешти.

Белгилей кетсек, кезектеги IV Эл аралык илимий-практикалык конференцияны 2026-жылдын октябрында Баку мамлекеттик университетинде (Азербайжан) өткөрүү пландалууда.


Евразия конференция 2025-ж
Каракалпак конференция 2025-ж
Самарканд конференция 2025
"Евразия-конференция" Ош мамлекеттик университетинде россиялык жана кыргызстандык окуу жайлардын башын бириктирген “Евразия тармактык университет” аттуу илимий-билим берүүчү консорциумдун III форуму өтүп жатат. Иш-чара Евробиримдиктин карамагындагы университеттердин байланыштарын чыңдоого, биргелешкен билим берүү программаларын тармактык формасын өнүктүрүүгө, акалемиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүгө багытталган.
Самарканд-конференция 2025-жылдын 14–15-октябрында Ш. Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинде Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлиги, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Өзбекстандагы өкүлчүлүгү, АКШнын Гарвард университетинин Медициналык колледжи, Россиянын Алтай мамлекеттик университети, Пакистандын Куэйд-и-Азам университети, Россиянын Уфа илим жана технология университети, Россиянын Санкт-Петербург политехникалык университетинин Биомедициналык системалар жана биотехнологиялар институту, ошондой эле Казакстандын Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин Клеткалык биология жана биотехнология институту менен биргеликте «Продовольственная безопасность: глобальные и национальные проблемы (Food Security: Global and National Problems)» аттуу VI Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул конференцияга Ош мамлекеттик университетинин Табигый илимдер, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунан химия жана химиялык технология кафедрасынын башчысы, доцент Гаффорова Х., зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценти Юлдашова О.М. жана окутуучу Маткеримова Ф.К. катышышты. Конференция алкагында катышуучулар институттун илимий-изилдөө лабораториялары менен таанышып, зоологиялык музейди жана виварийди көрүп чыгышты. Ошондой эле доцент Гаффорова Х. магистранттар үчүн биоорганикалык химия боюнча «Татаал углеводдор» темасында конок лекция окуду. Мындан тышкары, университеттер аралык кесиптик-педагогикалык жана илим