Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети тарабынан ОшМУнун 85 жылдыгына карата жарыяланган илимий жумалыкка карата 2024-жылдын 17-апрель күнү агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасында илимий-практикалык семинар өткөрүлдү. Семинарда эки кафедранын программасы биргеликте жүргүзүлдү, жалпы агрономия кафедрасынын жамааты, студенттер, коноктор жана ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын мүчөлөрү катышышты. Семинардын башында ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын башчысы а.ч.и.д., профессор А.Х. Абдурасулов, агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын башчысы б.и.к., доцент Муратова Рахима Темирбаевна ачылыш сөздөрү менен илимий-практикалык семинарды баштап беришти жана талкуулануучу бир катар кызыктуу көйгөйлөрдү белгилешти.
Кийинки сөздү факультеттин илимий иштери боюнча орун басары б.и.к., доцент А.М. Юлдашева сүйлөп иш-чаранын жүрүшүнө ийгилик каалады.
Семинарда агрономия кафедрасынын аспиранткасы К.А. Адылмырзаева өзүнүн кандидаттык илимий изилдөө темасы менен “Шабдаалы мөмө жегичинин Carposina niponensis W.1900 Кыргызстандын түштүк регионунда зоогеографиялык таралуусу” боюнча баяндамасын жасады.
“Чүй өрөнүнүн шартында мөмө жемиш өсүмдүктөрүнүн карантиндик зыяндуу организмдерден коргоонун агроэкологиялык негиздөөсү” –деген баяндамасы менен окутуучу Г. Тайирова чыкты.
Квалификациялык илимий-иштеринин темасы боюнча АГ-20 тайпасынын 4 курсунун студенткасы А.Саймуратова ”Кулпунай өсүмдүгүн интенсивдүү жол менен өстүрүү” жана Исраилов Б. ”Методика и выявление скороспелого, высокоурожайного сорта хлопчатника Юга Кыргызстана” деген баяндамалар жасашты.
Семинардын аягында маданий өсүмдүктөр алардын оорулары, зыянкечтери боюнча викторина оюну уюштурулуп студенттер активдүү катышышты.
Семинарды жыйынтыктап мыкты баяндамачы деп аспирантка К.А. Адылмырзаеваөзүнүн кандидаттык илимий изилдөө темасы менен “Шабдаалы мөмө жегичинин Carposina niponensis W.1900 Кыргызстандын түштүк регионунда зоогеографиялык таралуусу”жанаАГ-20 тайпасынын 4 курсунун студенткасы А.Саймуратова ”Кулпунай өсүмдүгүн интенсивдүү жол менен өстүрүү” аныкталды.
2024-жылдын 7-8-майында Табият таануу жана агрардык технологиялар
факультетинин агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын агрономия
адистигинде Аккредитация болуп отту.