Практикалар


Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасында Ботаниканын 3 бөлүмү боюнча окуу талаа практикасы өткөрүлөт:
Өсүмдүктөрдүн морфологиясы;
Өсүмдүктөрдүн систематикасы;
Өсүмдүктөрдүн физиологиясы жана генетика
Практиканы уюштуруу, өткөрүү жана көзөмөлдөө боюнча төмөнкү нормативдик документтер:
Жобо
Келишим
Буйруктар
Окуу процессинин графиги
Жумушчу программа, силлабус
күндөлүк

НББП нын ОН дагы компетенциялардын окуу-талаа практикалары аркылуу калыптанышы
5-ОН. Жергиликтүү фаунанын жана флоранын түрдүк курамын, биоартүрдүүлүктү коргоонун жолдорун билет, биоартүрдүүлүктүн учурдагы абалын мүнөздөй алат.
3-КК. Талаа жана лабораториялык шарттарда биологиялык объектилер менен иштөөнүн заманбап эксперименталдык усулдарына, заманбап аппаратура менен иштөө көндүмдөрүнө ээ.
4-ККК. Аймактык мүнөздөгү өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, козу карындардын жана микроорганизмдердин систематикалык таандыктуулугу тууралуу билимдерге ээ.
5-ККК. Түрдүү таксономиялык топторго таандык тирүү организмдердин сырткы көрүнүшүнүн, эволюциясынын, этологиясынын жана экологиясынын негизги өзгөчөлүктөрүн салыштырмалуу дал келтирүү көндүмдөрүнө ээ.
Ботаникада окуу талаа практикасы – бул ботаника илимин практика жүзүндө үйрөнүүнүн жана тиричилик менен байланыштыруунун маанилүү бөлүгү. Талаа практикасынын негизги максаты – студенттерди жаратылыш чөйрөсү менен жакындан тааныштыруу, биологиялык объектилерди (өсүмдүктөрдү, жаныбарларды, козу карындарды) табигый шартта байкоо жүргүзүү жана аларды изилдөөгө үйрөтүү болуп эсептелет.
Студенттердин жазгы окуу-талаа практикалары ОшМУнун ботаникалык багында, Сулайман-Тоосунда, Даңги капчыгайында өткөрүлүү менен студенттер эфемердик жана эфемероиддик өсүмдүктөр, алардын вегетациясынын башталышын үйрөнүшсө, жайкы окуу-талаа практикалары 1-курстарда Өзгөн районундагы Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркында, 2-курстарда Ноокат районундагы Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркында өткөрүлөт. Ал эми Өсүмдүктөрдүн физиологиясы жана генетика боюнча окуу талаа практикалары ОшМУнун ботаникалык багында өткөрүлөт.

>Бул окуу талаа практикалары төмөнкүдөй максаттарга жетүүгө багытталган:
1.Теориялык билимди практикада колдонуу.
2.Алган билимдерин жаратылышта колдонуп, биологиялык процесстерди көзү менен көрүп, түшүнүүгө мүмкүндүк алышат.
3.Жаратылышка болгон мамилени калыптандыруу.
4.Илимий байкоо жүргүзүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.


Педагогикалык жана мамлекеттик педагогикалык практика


Практикада аткарылуучу иштер
Окутуунун эки баскычтуу системасына, б.а. бакалавр формасына өткөндөн бери окутууну өндүрүш менен байланыштырууга чоң маани берилген. Студенттер 2-курстан баштап эле мектептерге же башка өндүрүштүк мекемелерге адаптациялык практикаларды өткөрүү окуу пландарына кирген. Бул адаптациялык жана педагогикалык практикалардын алдына төмөндөгүдөй милдеттер коюлат:

• жалпы билим берүүчү орто мектептин иш системасы жана мектеп документтациясы менен таанышуу;

• педагогикалык жана усулдук кеңешменин ишин жана аларды өткө-рүүнүн методикасын үйрөнүү;

• мектептеги алдыңкы мугалимдердин иш тажрыйбасын үйрөнүү жана аны өздөрүнүн күнүмдүк ишмердүүлүгүндө колдонуу;
• мугалимдердин сабактарына катышуу;
• сабактарды өтүү жана аларга анализ берүү;
• ата-энелер жана окуучулар жамааты менен иштөө ыкмаларын жана тарбиялык саат өтүүнүн методикасын үйрөнүү;
• предмет боюнча класстан тышкаркы иштерди уюштуруу жана өткөрүү;
• мектепти жана кабинетти жасалгалоону, көргөзмө куралдарды жана дидактикалык материалдарды даярдоону, окутуунун заманбап техникалык каражаттарын колдонууну үйрөнүү.

Жалпысынан алганда кафедранын методисттери төмөнкү багыттар боюнча иш алып барышууда.
1. Мектептин окуу китептеринин мазмунун кайрадан түзүп чыгуу.
2. Мектеп окуучулары үчүн тесттик тапшырмаларды түзүү.
3. Түрдүү мазмундагы методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу.
4. Окутуунун инновациялык жана традициялык эмес методдорун ана- лиздөө менен аларды мектеп практикасына киргизүү.
5. Мугалимдик кесипке багыт берүү менен, алардын кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу. Мындан сырткары, кафедранын методисттери мугалимдердин шаардык, областтын райондорунун секциялык иштерине катышып турушат.


Ботаника, жалпы биологиялык дициплиналар жана БОУ кафедрасынын базалык мектептери:


1. №28 У.Салиева атындагы мектеп интернаты
2. №2 К.Маркс атындагы орто мектеби
3. №38 Барпы атындагы орто мектеби
4. №17 Ю.А.Гагарин атындагы гимназия орто мектеби
5. №11 С.М.Киров атындагы орто мектеби
6. №42 Навои атындагы орто мектеби
7. №50 П.Ж.Нышанов атындагы орто мектеби
8. №5 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби
9. Макаренко атныдагы орто мектеби

Райондук базалык мектептери:
1. Алай районундагы мектептер
2. Араван районундагы мектептер
3. Ноокат районундагы мектептер
4. Кара-Суу районундагы мектептер