Эл аралык илимий байланыштар

Өзбекстандын Мирзо Улугбек атындагы Өзбек улуттук университетинин Ботаника жана өсүмдүктөрдүн физиологиясы кафедрасынын башчысы, доцент Маткаримова А.А. жана доцент Тургунова Ш.А. эжекелер академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде 313-аудиторияда биология адистигинин студенттерине конок-лекция өтүп беришти. Ошондой эле НББПга байланыштуу маселелерди кафедранын мүчөлөрү менен биргеликте талкуулашты. Илимий изилдөө боюнча биргеликте иш алып барууда материалдык базаны чыңдоо жөнүндө макулдашуулар болду. Кафедранын окутуучулары конокторду профессор Б.Каримова атындагы өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгү окуу-илимий лабораториясы, толеранттуулукту жана коопсуз билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун өнүктүрүү борбору менен тааныштырып чыгышты. 19-декабрь, 2023-жыл.       

2024-жылдын 31-октябрь күнү ОшМУнун табият таануу, дене-тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун Ботаника, ЖБД жана БОУ кафедрасынын алдындагы “Толеранттуулук жана коопсуз билим берүү чөйрөсү” борборуна борбордун түптөлүүсүнө финансылык колдоо көрсөткөн К.Аденауэр атындагы фондунун (Евросоюз) өкүлдөрү Игорь Брижатый, Анжелика Вайнгарт жана “Биом” Экологиялык Кыймылынын (Бишкек) өкүлдөрү Владимир Коротенко, Айнура Осмоналиева, Асель Дунганаева, Асель Юсуповалардын катышуусунда мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө борбордун абалы, максаттуу пайдаланылуусу, коопсуз билим берүү чөйрөсү дисциплинасынын окутулуу абалы ж.б. маселелер каралды. Келечекте борбордун ишмердүүлүгү боюнча долбоордун ишин улантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.