Илимий изилдөө иштери
Илимий изилдөө иштери
Кафедранын илим изилдөө иштери табигый илимдердин 3 тармагы боюнча жүргүзүлөт. Анын эң негизгилери:
I. Түштүк Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсүн изилдөө, байытуу жана коргоо проблемаларын изилдөө. Аталган илимий изилдөө тармагынын негизги багыттары төмөндөгүлөр:
1.Түштүк Кыргызстандын өсүмдүктөрүнүн табигый жана кээ бир интродукцияланган топторунун биоморфологиялык, физиологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөө, аларды өндүрүшкө сунуштоо (аткаруучулар: б.и.д., профессор А.Тажибаев, б.и.к., доцоценттер: Т.К.Эркебаев, О.Коланов, К.Ш.Аттокуров, ага окутуучулар: М.Т.Уметалиев, О.И.Маматкулов). Бул теманын алкагында 1 докторлук диссертация (Тажибаев А.) корголгон.
2. Суу өсүмдүктөрүнүн флоралык, биологиялык жана чарбалык өзгөчөлүктөрүн окуп үйрөнүү (аткаруучулар: б.и.д., профессор Б.Каримова, улук окутуучу Б.А.Абдымомунова, окутуучу А.Ж.Дурсунбаева). Бул багытта да бир докторлук диссертация (Каримова Б.К.) корголгон.
II. Жалпы биологиялык (биохимия, биотехнология) багытындагы изилдөөлөргө төмөндөгү темалар кирет:
1.Организмде азот кычкылынын синтезделиши жана таасир этүү механизмин ар түрдүү органдарда жана организмдерде ар кыл шартта өзгөрүүсүн аныктоо (аткаруучулар: б.и.д., профессор Жумабаева Т.Т., Молдалиев Ж.Т.). Бул багытта 1 докторлук (Жумабаева Т.Т.), 1 кандидаттык диссертациялар (Молдалиев Ж.Т.) даярдалып, корголгон.
2. Ар түрдүү өсүмдүк калдыктарынан биологиялык активдүү заттар-ды бөлүп алуунун жана колдонуунун кээ бир биотехнологиялык аспектилери (аткаруучу: б.и.к., Исраилова Г.С.).
Ш. Биологияны окутуунун теориясы жана методикасы багытын-дагы изилдөөлөр:
Жогорку окуу жайларда жана орто мектептерде биологияны окутуунун заманбап технологияларын колдонуу менен, табигый илимий түшүнүктөрдү системалуу өнүктүрүүнүн методикасы, болочок мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу, профилдик окутуунун учурдагы проблемалары багытындагы илимий изилдөө иштери жүргүзүлөт. Бул тармакта п.и.к., доцент Эмилбекова Д.А., ага окутуучу Буранов Э.Ш., окутуучу Абдиллаева Ж.Ж. өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүн жүргүзүүдө. Темага байланыштуу 1 кандидаттык диссертация (Эмилбекова Д.А.) корголгон.
Кафедрада студенттик илимий изилдөө иштери да жолго коюлган. Бул багытта «Ботаник»,«Гүл өстүрүүчүлүк», «Биология жана мектеп», «Bio-Techno» деген илимий ийримдер бар жана аларда 30-40 студент илимий изилдөө иштери менен алектенишет. Ал ийримдердин катышуучулары ар бир илимдин багыттары боюнча кеңири түшүнүктөрдү калыптандырышып, курстук жана жылына 10-15 квалификациялык иштерди даярдашат.
Акыркы жылдары факультетте “Биология” адистиги боюнча магистрлерди даярдоо колго алынып, 2014-15-окуу жылында алгачкы студенттерди (магистрлерди) кабыл алуу жүргүзүлгөн. Азыркы кезде кафедранын окутуучу-профессордук курамы бул багытта да өздөрүнүн магистрлеринин илимий изилдөө темаларын бекиттирип, алардын план-проспектилерин түзүп, аткарылышына жетекчилик кылышууда. Магистратуранын окуу планына ылайык тиешелүү дисциплиналардын жумушчу программалары, силлабустар түзүлүп, талдоодон өтүүдө.
Профессордук курамы бул багытта да өз билимдерин магистранттарга беришүүдө. Лекцияларды жана лабораториялык сабактарды откоруу үчүн шарттар камсыз болгон 2 лекциялык зал, 2 мультимедиялык окуу залы, 8 окуу-лабораториясы, 1 илимий лаборатория, 1 гербарий фонду, жандуу бурч, жалпы аянты 5.9 га болгон агробиостанция кызмат кылат. Окуу-талаа практикалары үчүн Түштүк Кыргызстандагы улуттук жаратылыш парктары, мамлекеттик коруктар жана билим берүүчү окуу жайлар менен келишимдер түзүлгөн. Дисциплиналарды өздөштүрүүдө жергиликтүү материалдарды пайдаланууга көп көңүл бурулат.
Кафедранын мүчөлөрү окутуунун модулдук системасына толук өтүшкөн. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ар бир семестрде кеминде 2-3 жолудан рейтинг өткөрүшөт. Кафедранын мүчөлөрү тарабынан КРнын билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен чыгарылган окуу куралдары, окуу-усулдук колдонмолор иштелип чыгылган, кошумча сабактарды жана консультацияларды өткөрүү үчүн атайын аудиториялар жабдылган. Окутуучулар өздөрүнүн теориялык билимдерин, педагогикалык чеберчиликтерин өнүктүрүү үчүн түрдүү билимин өркүндө-түүчү курстарга катышып, сертификаттардга ээ болушкан. Кафедрада өз ара сабактарга катышуу, аны талкуулоо кеңири практикаланат.>