Кафедранын тарыхы

КАФЕДРАНЫН ТАРЫХЫ

Учурдагы ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасы – өзүнүн түзүлгөн күнүнөн тартып калыптануу, сандык жана сапаттык өнүгүү тарыхына ээ. Ботаника кафедрасы биринчи жолу 1952-жылы уюшулуп, анда 3 окутуучу иштеген: доцент В.В.Романович (кафедра башчысы), Р.Х.Хусаинов (ага окутуучу), А.А.Бакиева (окутуучу). 1953-жылдын сентябрынан А.А.Бакиеванын ордуна Кыргыз ССРинин агартуу министрлигинин жолдомосу менен К.Ф.Файзулдаев келген. К.Ф.Файзулдаев 1-курстарга жалпы ботаникадан сабак берсе, В.В.Романович 2-курстарга өсүмдүктөрдүн систематикасынан, ал эми 3-курстардын өсүмдүктөрдүн физиологиясынан Р.Х.Хусаинов окуткан. Бул окутуучулардын сабагын бир лаборант тейлеген.


1954-1955-окуу жылынан баштап ботаника, зоология, химия кафедралары биригип, «Табият таануу» кафедрасы – деп аталат да, кафедра башчысы болуп доцент В.Е.Тильманс иштеген. 1962-1963-окуу жылында «Табият таануу» кафедрасы кайра «Химия, биология жана география» кафедраларына бөлүнгөн. 1965-жылдан «Биология» кафедрасы экиге: ботаника жана зоологияга бөлүнүп, «Ботаника» кафедрасынын башчысы доцент К.Ф.Файзулдаев, «Зоология» кафедрасына башчы болуп доцент К.П.Пискарев дайындалат. К.Ф.Файзулдаев кафедраны 1977-жылга чейин жетектейт. Бул мезгилдин арасында, башкача айтканда, 1968-жылы өз алдынча «Биологияны окутуунун усулу» кафедрасы түзүлүп, аны доцент К.И.Кашкараева 1974-1975-окуу жылына чейин жетектейт. Кийин бул кафедрага башчы болуп доцент Ю.И.Синельников шайланып, 1978-1979-окуу жылдарына чейин иштеген. Андан кийин кафедра башчылыгына доцент М.С.Субанова шайланат да, ал 1990-жылга чейин жетектейт. Ошол мезгилдерде кафедрада А.Оморов, Н.Б.Осмонова сыяктуу методисттер эмгектенген. Ал эми «Ботаника» кафедрасын 1978-жылдан 1988-жылга чейин доцент Б.К.Каримова, 1988-1990-жылдары доцент М.М.Тыналинов жетектешкен. Бул жылдары кафедра жаңы адистер менен толукталган. Мисалы, 1971-жылы А.К.Кыргызбаев, 1972-жылы Т.К.Камилов, 1973-жылы О.Карашев, 1979-жылы А.Тажибаев, 1986-жылы О.Коланов, Н.Абдыганиев, 1988-жылы Т.Т.Жумабаева, 1990-жылы Э.Алибеков.

1990-жылы «Ботаника», «Биологияны окутуунун усулу» жана «Зоология» кафедралары биригип, «Жалпы биология» кафедрасы болуп түзүлөт. 1991-жылы «Жалпы биология» кафедрасы кайрадан «Ботаника жана БОУ» жана «Зоология жана жалпы экология» кафедралары болуп бөлүнөт. «Ботаника жана БОУ» кафедрасын доцент А.Тажибаев жетектеп, 1997-жылга чейини иштеген. 1991-жылы А.Саркулов, 1992-жылы Ө.К.Кармышаков, Д.А.Эмилбекова, 1994-жылы К.Ш.Аттокуров, 1995-жылы Т.К.Эркебаев сыяктуу жаны адистер менен кафедра толукталган.
1997-жылдан 2002-жылга чейин жогоруда аталган кафедраны доцент О.Коланов башкарган. Бул жылдары да кафедранын курамы Г.Кенжеева, У.Тайлакова, Б.Абылаева сыяктуу окутуучулар менен толукталган. 2002-жылы «Ботаника жана БОУ» кафедрасы экиге: «Ботаника» жана «Жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ» болуп бөлүнөт. Биричисин б.и.д., профессор Б.Каримова, экинчисин б.и.д., профессор Т.Т.Жумабаева жетектешет. Т.Т.Жумабаева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу «Жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ» кафедрасынын башчылыгына 2005-жылы доцент Эркебаев Т.К. шайланып, ал 2010-жылга чейин иштеген. Б.К.Каримова да 2003-жылы башка ишке которулгандыктан анын ордуна «Ботаника» кафедрасына жетекчи болуп доцент К.Ш.Аттокуров келген. Бул жылдары кафедраны А.Сатанов, О.Маматкулов, Т.Көккөзова, Ж.Молдалиев, Идирис уулу Дамир сыяктуу жаш окутуучулар толуктаган.


2010-жылы «Ботаника», «Жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедралары кайрадан кошулуп, «Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ» кафедрасы деп түзүлгөн жана аны 2011-жылга чейин К.Ш.Аттокуров, 2011-жылдын февралынан баштап 2018-жылдын сентябрына чейин б.и.д., профессордун милдетин аткаруучу А.Тажибаев жетектеп келген. 2018-жылдын октябрынан баштап «Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ» кафедрасын доцент Д.А.Эмилбекова жетектеген.

Азыркы учурда кафедранын жетекчиси ага окутуучу О.И.Маматкулов. Бүгүнкү күндө кафедрада 13 окутуучу, 3 техникалык көмөкчү персоналдар эмгектенет. Кафедрадагы окутуучу-профессордук курамдын экөө илимдин докторлору, алтоо илимдин кандидаттары даражаларына ээ болуп, сапаттык көрсөткүч 57,1% ды түзөт.