Окуу методикалык иштер
ОКУУ ИШТЕРИ
2017-2018 окуу жылында кафедрада толук баалуу табийгый илимий билим берүү жана биолог адистерин даярдоо үчүн биологиялык илимдердин негизги багыттарынын бир тобу окутулат. Алар төмөндөгүлөр: өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы, өсүмдүктөрдүн систематикасы, өсүмдүктөрдүн физиологиясы, цитология, генетика, биохимия, биотехнология, микробиология, биогеография, биологияны окутуунун усулдары ж.б., ЖОЖдук компонент катары бир катар предметтер, алсак, Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсү, жаратылышты коргоо, гүл өстүрүүчүлүк, бир нече атайын курстар жана практикумдар киргизилген. Аталган предметтерди терең өздөштүрүү үчүн лекциялык материалдар жана лабораториялык иштердин иштелмелери жогорку илимий теориялык жана усулдук жактан иштелип чыгылган. Предметтерди жакшы өздөштүрүүгө жергиликтүү материалдарды пайдалануу көмөк көрсөтөт.
Лекцияларды жана лабораториялык сабактарды өткөрүү үчүн шарттар камсыз болгон 2 лекциялык зал, 8 окуу- лабораториясы бар.
Кафедра азыркы учурдагы окутуунун 2 баскычтуу:бакалаврдык жана магистрдик системасына өткөн. Бүгүнкү күндөгү замандын талабына жооп берүүчү “биолог” адисте-рин даярдоо үчүн билим берүүнүн мамлекеттик стандартыдагы биологиялык илимдердин негизги багыттары окутулат. Алар төмөндөгүлөр:
1) мамалекеттик компонент катары – жалпы биология, ботаника (өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы, систематикасы, физиологиясы), генетика, биохимия, биотехнология, микробиология, биологияны окутуунун теориясы жана методикасы,
2) ЖОЖдук компонент катары бир катар дисциплиналар: Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсү, өсүмдүктөрдүн жекече өрчүүсүнүн биологиясы, Кыргызстандын дары-дармек өсүмдүктөрү, гүл өстүрүүчүлүк, табият таанууну окутуунун методикасы, биологияны окутуунун инновациялык жана традициялык эмес методдору, табигый билимдердин негиздери, биогеография жана башка бир нече атайын курстар жана практикумдар киргизилген. Аталган дисциплиналарды терең өздөштүрүү үчүн лекциялык материалдар жана лабораториялык сабактардын иштелмелери жогорку илимий-методикалык жактан иштелип чыгууда.
Ошондой эле кафедрада Кыргыз Республикасында билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздук механизмдерин өнүктүрүү долбоору – мектептик билим берүү чөйрөсүнүн коппсуздугунун комплекстик стандартын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу максатында ишке ашырылды. Келечекте бул стандарт Кыргызстандын бардык билим берүү уюмдарында билим берүү чөйрөсүн коопсуздуктун жаңы сапаты менен камсыздайт. Долбоордун алкагында бир катар тегерек столдор, семинарлар, тренингдер өткөрүлгөн. Өлкөнүн бардык аймактарында 12 пилоттук (сынамык) мектеп жана алдыңкы педагоги-калык жогорку окуу жайларында билим берүү коопсуздугунун 3 борбору түзүлгөн. Анын экөө Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларында, бирөө Ош шаарынын ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасында « Толеранттуулукту жана билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун өнүктүрүү борбору» түзүлгөн.
Толеранттуулукту жана билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун өнүктүрүү борборунун ачылышы
Стандартта мектеп чөйрөсүнүн коопсуздугунун 3 багыты камтылган:
1. Экологиялык коопсуздук – балдар экологиялык таза чөйрөдө окуп, алардын ден соолугуна эч нерсе коркунуч жаратбашы керек.
2. Ден соолук коопсуздугу – балдарды окутуу үчүн мектепте түзүлгөн саламат-тыкты сактоо инфраструктурасын билдирет.
3. Психологиялык коопсуздук – ар бир окуучу өзүн социалдык жактан активдүү инсан катары сезүүсү керек.
Жогорку багыттарды эске алуу менен мектеп шартында окуучулардын коопсуз билим берүү чөйрөсүн уштуруу максатында заманбап окуу куралдары менен камсыз-далган лекциялык, лабораториялык жана психологиялык аудиториялар түзүлүп, учурда семинарлар жана сабактар өтүлүп жатат.
Коопсуз билим берүү чөйрөсүнүн лекциялык аудиториядагы семинардын уюштурулушу Коопсуз билим берүү чөйрөсү боюнча түзүлгөн лабораториялык аудитория Коопсуз билим берүү чөйрөсү боюнча түзүлгөн психологиялык шарттар
“Профессор Б.Каримова атындагы өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгү окуу-илимий лабораториясы” Өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгү окуу-илимий лабораториясы жөнүндө маалымат Лабораториянын негизги максаты – өсүмдүктөр дүйнөсүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн иш жүзүндө көрсөтүү. Бул максатта бир нече илимий изилдөөлөр жана экспедициялар жүргүзүлгөн. Профессор Б.Каримова жогорудагы окуу-илимий лабораториясын түзүү үчүн Кулун-Ата коругуна эки ирет (2016-2017-жылдар) илимий экспедиция уюштурган. Экспедицияга биология илимдеринин кандидаттары, доценттер О.Коланов, Б.Каримов, ага окутуучулар О.Маматкулов, А.Курбаналиевалар катышкан. Бул экспедиция оңойго турган жок, эчен ашуулар ашып, суулар кечип, мөңгүлөргө жетип, атчан-жөө жүрүп материалдар жыйналды.
Лаборатория өсүмдүктөрдүн коллекциялары, гербарийлери, заманбап микроскоптор: “Тринокулярный Levenhuk MED 20”, “Olimpus СH 20”, “Биолам”, интерактивдүү доска, проекторлор менен жабдылган.
Ошондой эле кафедранын мүчөлөрүнүн бир бөлүгүнүн илимий изилдөөлөрү биологияны окутуунун методикасы менен байланышып, алар шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрү, айылдык мектептер менен тыгыз байланышта иш алып барышат. Мисалы, ОшМУнун алдында уюштурулган мугалимдердин билимин өркүндөтүү институ менен биргеликте кафедрадагы методисттердин жетекчилиги астында методикалык-семинарлар өткөрүлүп турат. Ал боюнча п.и.к., доцент Д.Эмилбекова, ага окутуучу Э.Буранов, окутуучу Ж.Абдиллаевалар тарабынан окутуунун заманбап технологияларын колдонуу аркылуу тренингдик-семинарлар уюштурулуп, жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери менен тыгыз байланыштар түзүлгөн.
ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ИШТЕР
Кафедранын перспективалык планы:
• кафедра мүчөлөрүнүн окуу-методикалык чеберчилигин жогорулатуу;
• ар бир дисциплина боюнча окуу методикалык комплекстердин электрондук, басма варианттарын даярдоо;
• студенттердин арасында тарбиялык иштерди өркүндөтүү;
• кафедранын “Биология”профили боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;
• кафедра мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу жана илимий-медициналык кадрларды даярдоо;
• кафедранын дисциплиналары боюнча окуу колдонмолорун, окуу китептерин даярдоо жана басмадан чыгаруу;
• теориялык жана практикалык сабактарда заманбап технологияларды максатка ылайыктуу пайдалануу үчүн программаларды жана башка дидактикалык колдонмолорду иштеп чыгуу;
• эл аралык билим берүү программаларына жана долбоорлорго активдүү катышуу.
Кафедранын дисциплиналары боюнча жумушчу программалары тиешелүү багыттардын негизги билим берүү программаларынынын негизинде түзүлөт жана кафедранын кеңешмесинде бекитилип, уюштуруулуучу иштер чагылдырылган иш планы, кеңешмелеринин планы түзүлөт.
Кафедрада окуу-методикалык иштерге байланыштуу “Жогорку окуу жайларда жана жалпы билим берүүчү орто мектептердин биология сабактарында заманбап окутуу технологияларын колдонуу методикасы” деген темада илимий-теориялык, окуу-усулдук биргелешкен семинар иштейт. Ал боюнча илимий-методикалык докладдар даярдалып, кафедранын илимий теориялык жана методикалык семинарында талкууланып турат. Семинарда биологиянын түрдүү тармактарындагы жетишкендиктери, биологиянын азыркы учурдагы актуалдуулугу жана орчундуу маселелери боюнча стейхолдерлер менен биргелешкен семинарлар уюштурулат.
Кафедрадагы бардык окутуучулар түрдүү багыттар боюнча билимин өркүндөтүүчү курстарга, илимий методикалык семинарларга катышып, сертификаттарды алышкан. Мисалы: Эмилбекова Д.А., Маматкулов О.И., «Окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ойлоону өстүрүү»; Коланов О, Буранов Э.Ш., Дурсунбаева А.Ж., Эмилбекова Д.А., Маматкулов О.И., “Дистанттык окутуунун технологиясы”; Дурсунбаева А.Ж., Эмилбекова Д.А., Маматкулов О.И., Буранов Э.Ш. “Предметти жана тилди интеграциялап окутуунун методикасынын негиздери”; Эмилбекова Д.А., Буранов Э.Ш. “Баштапкы эксперимент - SEA”; “Эмилбекова Д.А., Боронбаева А.А., Умарова Р.Д., Осмонали у.Адакан “Окутуунун он-лайн платформасы”, Дурсунбаева А.Ж., Эмилбекова Д.А. “Заманбап окутуу технологиялары”. Кафедранын бардык окутуучулук курамы “Окуу процессинде тестирлөөнү колдонуунун териясы жана усулу” аттуу семинарларга катышып, сертификатка ээ болушкан.
Кафедранын окутуучулары сабактарды электрондук окуу материалдарын, мультимедиялык каражаттарын жана лабораториялык тажрыйбаларды жүргүзүүдө натуралдык обьектилерди заманбап микроскопторду колдонуу менен өтүшөт. Бул багытта атайын жабдылган 216-217-311-313-аудиторияларда кафедранын мүчөлөрүнүн сабактарды өтүү жадыбалы түзүлүп, анын аткарылышы кафедра тарабынан көзөмөлдөнүп турат.
Окуу куралдары:
1. Тажибаев А. Кенжеева Г.К. Өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы боюча лабораториялык сабактар үчүн колдонмо.– Ош, 2001
2. Тажибаев А., Уметалиев М.Т. Генетика жана селекциянын негиздеринин кыскача курсу. – Ош, 2003
3. Тажибаев А. Генетикадан маселелер жана көнүгүүлөр. – Ош, 201 7.
4. Каримова Б.К., Ж.С. Абдырахманова Өсүмдүктөрдүн систематикасы боюнча лабораториялык практикум. – Ош, 2020
5. Эмилбекова Д.А. Биологияны окутуунун теориясы жана методикасы, – Ош, 2017
6. Эмилбекова Д.А., Субанова М. Билимди системалаштыруунун ыкмалары жана каражаттары (методикалык-колдонмо) – Ош, 2003
7. Эмилбекова Д.А., Субанова М Биологиялык түшүнүктөрдү калып тандыруунун негизинде окуучу-лардын билимин системалаштыруу (жаныбарлардын биологиясы курсу) (методикалык колдонмо) – Бишкек, 2012.
8. Т.Т.Жумабаева , Саипкулова Г.С., Молдалиев Ж.Т. Биохимия боюнча лабораториялык колдонмо. – Москва, 1966
9. Эркебаев Т.К., Аттокуров К.Ш., Мурзабаев Б.О. Өсүмдүктөрдүн физиологисы боюнча практикум. - Ош, 2001.
10. Коланов О., Карымшаков О., Эргешбаев М., Аттокуров К.Ш. Экология. Жогорку окуу жайларынын биологиялык жана биологиялык эмес адистиктер үчүн окуу китеби. – Ош, 2000