Кафедранын окумуштуулар жамааты «Түштүк Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү, аларды коргоонун, реконструкциялоонун жана сарамжал пайдалануунун принциптерин жана усулдарын иштеп чыгуу» (Мамлекеттик каттоо № 0005849) темасында төмөндөгү багыттар боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келүүдө:
1. Түштүк Кыргызстандын сүт эмүүчүлөрү, аларды коргоо жана сарамжал пайдалануу проблемалары. Бул багытта: «Түштүк Кыргызстандын сүт эмүүчүлөрү, аларды коргоо жана сарамжал пайдалануу проблемалары» (Б.К.Кулназаров, 2004) деген темада докторлук; «Түштүк Кыргызстандагы чычкан сымал кемирүүчүлөрдүн фаунасы» (У.А.Атабеков, 2013), «Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругундагы сүт эмүүчүлөрдүн биоартүрдүүлүүгүн коргоо» (К.Абдисатаров, 2013) темаларында кандидаттык диссертациялар корголгон жана доцент Э.К.Айдаралиев «Борбордук Тяньшандагы омурткалуу жаныбарлардын экологиясы» темасындагы илимий ишин жыйынтыктоо алдында турат.
2. Түштүк Кыргызстандын герпето-батрахофаунасынын учурдагы абалы, аларды коргоо жана сарамжал пайдалануу проблемалары. Бул багытта «Түштүк Кыргызстандын гетерогендүү ландшафттарындагы амфибиялардын популяциялык өзгөчөлүктөрү» (С.Т.Абжамилов, 1996) деген темада кандидаттык диссертация корголгон.
3. Түштүк Кыргызстандын түрдүү экосистемаларындагы омурткалуу жаныбарлардын биоартүрдүүлүгү жана аларды коргоону оптимизациялоо. Бул багытта: «Ош шаарынын жана анын чеке белдеринин канаттуулары» (А.М.Абдыкааров, 2005), «Кыргыз-Ата мамлекеттик улуттук жаратылыш паркын жердеген омурткалуу жаныбарлардын экологиялык цитогенетикасы» (Н.А.Көчкөнбаева, 2010), «Түштүк Кыргызстандын урбанизацияланган экосистемаларынын таранчы сымал (Passeriformes) канаттуулары» (К.Ы.Стамалиев, 2014) темаларында кандидаттык диссертациялар корголгон жана А.Н.Досназарова «Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркынын омурткалуу жаныбарларынын экологиялык цитогенетикасы» темасында изилдөөлөрүн жүргүзүүдө.
4. Түштүк Кыргызстандын кемирүүчү жаныбарларынын паразитофаунасы, алардын инфекциялык-инвазиялык жаратылыштык очокторундагы орду жана биокоопсуздукту камсыздоо проблемалары. Бул багытта «Түштүк Кыргызстандын өзгөрүлгөн ландшафттарындагы майда сүт эмүүчүлөрдүн бүргөлөрү» (Г.А.Садыкова, 2001), «Чуманын Алай жаратылыштык очогунун кемирүүчүлөрү жана алардын эктомителери» (К.И.Алтыбаев, 2007) темаларында кандидаттык диссертациялар корголгон. П.А.Манасов «Түштүк Кыргызстандын аймагында кездешкен майда сүт эмүүчүлөрдүн гельминттери» темасында кандидаттык диссертациясын коргоо алдында турат. Аспирант К.К.Шекеев «Алай кырка тоосунун момолой чычкандарынын паразитоценозу», изденүүчү А.Т.Сарымсакова «Түштүк Кыргызстандагы майда кемирүүчүлөрдүн гамаздык кенелери» темаcында кандидаттык диссертациялары боюнча иштеп жатышат.
5. Түштүк Кыргызстандын энтомофаунасы, алардын биоэкологиясы жана токойлорду коргоо, калыбына келтирүү проблемалары. Бул багытта «Кыргызстандын токойлорунун ксилофаг-каскактары» (Б.А.Токторалиев, 1993) темасында докторлук, «Түштүк Кыргызстандын арча токойлорунун ксилофаг-каскактары» (А.А.Кенжебаев, 1997), «Түштүк Кыргызстандын арча токойлорунун ксилофаг-каскактарынын биоэкологиялык өзгөчөлүктөрү» (Р.Т.Муратова, 2006), «Түштүк Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлорунун алтынчык-каскактарынын биоэкологиялык өзгөчөлүктөрү» (Н.Р.Айбашева, 2013) темасында кандидаттык диссертациялар корголгон.
Кафедрада жогорудагы багыттардан сырткары «Тамырсыз вольфия өсүмдүгүнүн түштүк Кыргызстандын шартында массалык түрдө маданиятташтыруунун усулдарын иштеп чыгуу жана пайдалануу перспективалары» (Б.А.Каримов, 2001), «Кыргызстандын орто тоо аймагында жашаган 7-12 жаштагы балдардын курак өзгөчөлүктөрү» (О.М.Юлдашева, 2002), «Бакма өрдөктөрдүн тамак сиңирүү жолундагы лимфоиддик ткандарынын морфологиясы» (Т.А.Эркебаев, 2015) темаларында кандидаттык диссертациялар корголгон.
Учурда кафедранын окумуштуулары түштүк Кыргызстандын өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарынын, өзгөрүлгөн жана урбанизацияланган ландшафттарынын фаунасынын учурдагы абалын изилдөө иштерин улантышууда. Алардын негизинде квалификациялык жумуштар, магистрдик жана кандидаттык диссертациялар аткарылууда. Илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары макала, тезис, монография, илимий методикалык колдонмо жана илимий-популярдык эмгектер түрүндө жарык көрүүдө.