Кафедранын коомдук, маданий жана спорттук иш чаралары

Спорттук иш-чаралар.

ОшМУнун дене тарбия факультетинде "Дене тарбия жана спорт адистерин даярдоонун актуалдуу маселелери" аттуу илим жумалыгы болуп өттү. ОшМУнун АИБинин башкы адиси, магистратура сектору боюнча жооптуу, ф.-м.и.к Т.М.Папиева, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к, доцент С.М.Амиралиев, факультеттин деканы, доцент Ы.А.Райимбердиев, ДТФТМ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышышты.