Кафедра жөнүндө

Факультеттер аралык №2 дене тарбия» кафедрасы
1. Кафедранын ачышылы, буйрук жана датасы, (кафедранын кыскача тарыхы): Дене тарбия кафедрасы 1949-жылы Ош областтык мугалимдерди даярдоочу 2 (эки) жылдык институтту ачылган. Ал мезгилде институтта беш факультет болгон, мындан сырткары дене тарбия бөлүмүнүн 2 тайпасы окуган. 1949-53-жылдары Д.В. Фрейдман кафедра башчысы болгон, кафедрада 5 окутуучу, 2 лаборант эмгектенген. 1953-жылы Ош областтык мугалимдердин институтту Ош мамлекеттик институту болуп өзгөртүлгөн. Андан кийин Н.С. Лепесов (1953-1954), С.Э. Риннэ (1955-1959), А.Н. Еропунов (1959-1962), Э.Э. Бреш (1963-1968), Н.С. Лепесов (1968-1972), И.З. Щербаков (1973-1974), А. Юнусов (1975-1982), Х.Х. Артыков (1982-1985), А.Д. Добулов (1985-1986), Т. Королев (1986-1988), В.В. Данилин (1988-1989), Т. Жалалов (1989-1997), К.М. Маматов (1997-1998), Т.О. Оморов (1999-2002) жетектешкен. 2002-2003-окуу жылдары дене тарбия кафедрасы 2 кафедрага бөлүнүп, ага окутуучу Р. Карабаев жана ф.и.к., доцент Х.Х. Артыков кафедраларды жетектешкен. Андан кийин ага окутуучу М. Жусубалиев (2003-2005), доцент А. Салибаев (2005-2008), доцент Т. Жалалов (2008-2011), ага окутуучу Э. Турдуев (2011-2012), доцент А. Назиров (2012-2017), ага окутуучу К. Нурматов (2017-2019) жетектеп келишкен. ОшМУнун Окумуштуулар кеңешмесинин чечими менен (2019-жыл, 9-июль кезексиз), №576 буйрук (09.07.2019) негизинде факультеттер аралык дене тарбия кафедрасы эки кафедрага бөлүнгөн. ОшМУнун табият таануу жана география факультетинин факультеттер аралык №2 дене тарбия кафедрасы ачылган. Аталган кафедраны алгач ага окутуучу А.Э. Саттаров жетектесе, андан бери доцент Б. М. Кулуев башкарып келүүдө. Ал эми 2022-жылы Дене-тарбия факультети өз алдынча бөлүнуп чыкты.