Кафедранын коомдук, маданий жана спорттук иш чаралары

Казакстан мамлекеттинин Түркистан шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин арасында дзюдо боюнча өткөн Универсиадага катышып, мелдеште юридика факультетинин 4-курсунун студенти Мамазаиров байгелүү 3-орундун ээледи. Машыктыруучусу факультттер аралык №1 дене тарбия кафедрасынны башчысы доцент Карабаев Рашид Калилович.
Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда спорттун 7 түрүнүн 18 категориясы боюнча аялдар жана эркектер арасында спартакиада өттү. Спартакиадага жалпысынан 29 команда катышты. Жуманын ишемби күндөрү уюштурулуп, мелдештерде ордо, кичи футбол, баскетбол эжекелер арасында жана стол тенниси агайлар, эжекелер арасындагы оюндар жыйынтыкталды.Спорттук иш чарага октуучулар башкы калыстык кылышты.
Бишкекте өткөн регби боюнча өлкө чемпионатында ОшМУнун курама командасы катышты.ОшМУнун регби боюнча курама командасында 8 оюнчу бар.Курама команданын машыктыруучусу факультеттер аралык №1 дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Шумкарбек Окен уулу. Регби олимпиадалык спорттун түрүнө кирет. Жыйынтыгында, окуу жайдын жаңыдан түзүлгөн командасы мыкты оюн көрсөтүп үчүнчү орунга ээ болгон. Келечекте регби боюнча кыздар курама командасын түзүү пландалууда. Ошондой эле спорттун бул түрүн университеттеги окуу программасына киргизип, студенттер арасында кеңири жайылтууну максат кылышууда.
Нормативдик талаптардын VII баскычтагы алтын төш белгиси 11.11.2023
Республикалык тогуз коргоол федерациясынын ардактуу президенти А. Чылымовдун байгеси, КРнын IX чемпионаты
ОшМУнун дене тарбия факультетинин №1 факультеттер аралык дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Алымкан Казакстандын Усть-Каменогорск шаарында олимпиада чемпиону Ольга Рыпакованын байгесине арналган IV Эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынып, 800$ акчалай сыйлыкка ээ болду. Алымкан Жамшитбекова мелдеште кыз-келиндер арасында 800 метр аралыкка чуркады. “Бул эл аралык мелдешке катышуу үчүн спортчулар алдын ала аккредитациядан өтүшөт. Мелдешке белгиленген көрсөткүчтөрдү көрсөтө алган спортчулар гана чакырылат. Мелдешке катышкан спортчулардын жол акысы, жатакана чыгымдарын толугу менен чакырган тарап каржылап берди”,-деди спортчунун машыктыруучусу ОшМУнун окутуучусу Алмаз Казибеков. Ольга Рыпакованын байгесине арналган IV Эл аралык мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Грузия, Түркия, Армения, Белоруссия, Украина, Тажикстан жана Казакстандан 300дөн ашык спортчулар катышты.
Жалал-Абад шаарынын мэринин кубогуна арналган "Тогуз коргоол" оюну боюнча эл аралык мелдеш. 2023-жыл октябрь