Факультеттер аралык №1 дене тарбия кафедрасынын кыскача тарыхы
№1 дене тарбия кафедрасы 1949- жылы Ош областтык мугалимдерди даярдоочу 2 жылдык институнун базасында ачылган. Бул мезгилде 5 факультет болгон. Дене тарбия бөлүмүндө эки тайпанын студенттери билим алган. Кафедраны 1949-1953-жж Д.В.Фрейдмин, 1953-1954-ж.ж. Н.С. Лепесов, С.Э.Риниэ,1955-1959-ж.ж. А.Н. Еропунов, 1959-1962-жж Э.Э.Бреш, 1963-1968-ж.ж Н.С. Лепесов, 1968-1972-жж, 1973-1974-жж И.З Щербоков, А.Юнусов,1975-1982-ж.ж. Х.Артыков, 1983-1985-ж.ж А.Д.Добулов, 1985-1986-ж.ж, Т. Королов, 1986-1988-ж.ж, В.В.Данилин, 1988-1989-ж.ж. Т.Жалалов, 1989-1999-ж.ж, Т.Оморов, 1999-2002-ж.ж. Р.Карабаев, 2002-2003-жылы эки кафедра бөлүнүп, №1 дене тарбия кафедрасын Р.Карабаев , №2дене тарбия кафедрасын Х.Артыков жетектеген. М.Жусубалиев 2003-2005-ж.ж. А.Салиебаев 2008-2011-ж.ж,Э.Турдиев 2012-2017- ж.ж. М. Назаров 2017-2020-ж.ж. К.М. Нурмаматов жетектеп келишкен. Азыркы учурда факультеттер аралык №1 дене тарбия кафедрасын 2020-жылдын февраль айынан тартып, доцент Р.Карабаев жетектеп келет.
Кафедранын милдеттери:
Студенттерге тандап алган спорттун түрлөрүнөн ийгиликтерге жетишүү үчүн методикалык көрсөтмөлөрдү берүү. Окуу процессинде кесиптик чеберчилигин калыптандыруу, алган билиимдерин практикалык иш аракеттерде пайдалана билүү. Билим берүү мекемелеринде дене тарбияны чыңдоо , аскердик кызматты өтөөчү мекемелерде спорттук иш аракеттерди алып барууну күчөтүүгө салым кошуу.
Кафедранын максаты:
Ден соолугу чың, ар тараптан өнүккөн аң сезими жогору, коом алдында жоопкерчилигин сезген, эли -жерин сүйгөн, мекенин коргоогон гумандуу, толеранттуу сапаттарга ээ болгон, эмгек рыногунда атандаштыкка туруштук бере алган студенттерди тарбиялоо.
Кафедранын илимий багыты:
Дене тарбиясын окутууда, ар бир спорттун түрүнөн машыктырууда, мыкты ийгиликтерге жетүү багытында илимий иштерди жүргүзөт.
Спорттогу жетишкен, ийгиликтери :
Волейбол (балдар) КРнын клубдар арасында чемпионаттында, ЖОЖдор арасында “Универсиада 2019” жогорку лигада командалык биринчи орун. Машыктыруучу спорттун чебери, ага окутуучу Атабаев Алмаз. Дзюдо КРнын чемпионатынын 5 жолку, ЖОЖдор арасында Универсиаданын 2019-2022-жылдарынын жеңүүчүсү, Азия чемпионатынын коло, күмүш, алтын медалдарынын ээси. Спорттун чебери, Бизнес жана менеджмент факультетинин 4- курстун студентти Айбек уулу Кубанычбек. КРнын чемпионатынын ЖОЖдор арасында өтүүчү Универсиада 2019-2022-жылдардын дюздо боюнча жеңүүчүсү юридика факултетинин 3-курсунун студенти, спорттун чебери Мамазаиров Алманбет. Машыктыруучусу Карабаев Р. Жеңил атлетика КРнын чемпионатынын, ЖОЖдор арасында Универсиадаларда жана эл аралык турнерлерде байгелүү орундарга жетишкен. Кафедранын окутуучусу, спорттун чеберчилигине талапкер Жамшитбекова Алымкан. Кафедрада 29 окутуучу бар. Алардын 1 п.и.к., 4 доцент, 11 улук окутуучу, 13 окутуучу эмгектенет.Көмөкчү персоналдар: 1 окутуу мастери, 1 методист,
КАФЕДРАНЫН ОКУУ-УСУЛДУК ИШТЕРИ
1. Кафедранын мүчөлөрүнөн илимий изилдөө жана усулдук иштеринин жыйынтыктары, кафедранын мүчөлөрүнүн ачык сабактарга жана сабактарга өз ара катышууларын уюштуруу, алардын жыйынтыгын кафедраныны илимий-усулдук семинарларда талкулоо максаттары коюлууда.
2. Студенттер менен өз алдынча иштерин уюштуруу жана кабыл алуу кафедрада бир топ жылдан бери практикаланып келайткан модулдук – рейтинг системага ылайык ар түрдүү формада жүргүзүлдүүдө.
3. Кафедрада дене тарбия сабактары боюнча – өтүлүүчү базалык спорттук түрлөр жана улуттук оюндар боюнча тесттик нормативдер кабыл алынып ар семестр аягында жыйынтыкталып, тиешелүү материалдар кафедрада сактоо маселелери каралууда.
4. Дене тарбия сабактар боюнча ОНЛАЙН сабактарын уюштуруу жана керек болгон тиешелүү иш кагаздарын, видео сабактарын, видео тапшырмаларын, рефераттарын тематика сын иштеп чыгуу боюнча маселелер каралууда.
КАФЕДРАНЫН ПЕРСПЕКТИВАЛЫК ИШ-ПЛАНЫ
1. Кафедрага тиешелүү болгон спорттук аянттарды, спорттук залдарды ремонттон өткөрүп, керек болгон спорттук шаймандар менен сабактарды толук кандуу камсыздоо;
2. Келечекте курулуучу кошумча спорт аянттарын жана спорт залдарын курулушуна катышуу;
3. Окуу усулдук комплекстерин кайрадан жаңы иштелип чыккан талаптарга жана ар бир багыттын компетенцияларына ылайыктуу иштеп чыгуу;
4 Окутуучулардын билим деңгээлин, адистикке ылайыктуу өркүндөтүү боюнча ар түрдүү семинарларга катышуу жана иш чараларын уюштуруу;
4. Студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттыруу жана ден соолугу начар болгон студенттер үчүн “Ден соолукту чыңдоо” боюнча тайпаларын түзүүгө ошондой эле спорттук кабинеттерди ачууга шарт жаратуу;
5. Спорттук секциялардын ишмердүүлүгүн күчөтүү.
Факультеттер аралык №1 дене тарбия кафедрасынын
илимий изилдөө иштери.
Факультеттер аралык №1- дене тарбия кафедрасынын илимий темасы: “Инсандын дене тарбиясын жана сергек жашоо образын калыптандыруу».
1. Кафедранын улук окутуучусу Темирбаев Сүйүнтбек; Аспирант. 2014-2017-ж. Темасы “Болочок мугалимдерди мектеп окуучуларынын сергек жашоо образын калыптандырууга даярдоо”.
Илимий жетекчиси п. и. д, профессор Алимбеков Акматали.
2. Окутуучу Баймуратов Кубаныч Курманбекович Педагогика илимдердин кандитаты. 2022-жылдын 29-ноябрь күнү илимий диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Темасы “Обеспечение единства средств допризывной и физической подготовки старшеклассников в образовательном процессе”.
Илимий жетекчиси п.и.н., профессор Х.Ф. Анаркулов.
3. Карабаев Рашид; Доцент, изденүүчү. Темасы «Обучение цельным атакуюшим технико-тактическим дейситвиям курешиштов». Илимий жетекчиси п.и.н., профессор Х.Ф. Анаркулов.
v Кафедранын магистратураны бүткөн окутуучулары.
Абдыкадыр кызы Айдана 2017-2019-ж.ж.
Даминов Тимурлан 2019-2021-ж.ж.
Дүйшөнкул уулу Азизбек 2017-2019-ж.ж.
Манасов Семетей 2016-2018-ж.ж.
Таши уулу Жетимиш 2018-2020-ж.ж.
Уланбек уулу Курстанбек 2017-2019-ж.ж.
КАФЕДРАНЫН КЕСИПТИК КОНУШТУК ИШТЕРИ
Кафедранын кесиптик конушунун уюмунда 30 мүчө бар.Кесиптик конушунун уюмунун иш планы жылына бекитилип анда эмгек тартибин сактоо, эмгек шартын түзүү, окутуучулардын эс алуусун уюштуруу, белгилүү майрамдарды шан шөкөт менен маданий өткөрүү, материалдык жардамга муктаж болгондорго жардам көрсөтүү, окутуучулардын сабактарына катышуу иштери жана башкалар каралган.
Профсоюз мүчөлөрү мүмкүнчүлүктөрүнө жараша пансионат, санаторий жана профилакторийлерде ден-соолугун чыңдоо боюнча материалдык жардам да алып турушат.
КАФЕДРАНЫН МАДАНИЙ-ТАРБИЯЛЫК, ПРОФОРИЕНТАЦИЯЛЫК ЖАНА КООМДУК ИШТЕРИ
Кафедрадагы маданий тарбиялык жана коомдук иштер пландалган жана учурдагы иш чаралардын негизинде кафедранын ар бир мүчөсү жана атайын дайындалган жоопту окутуучу тарабынан жүргүзүлөт.
Кафедранын окутуучулары факультеттик, университеттик жана шаардык деңгээлдеги түрдүү маданий-тарбиялык жана коомдук иш чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катышат.
Кафедранын окутуучулары Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарында профориентациялык иштерин жүргүзүшөт.
Кафедранын окутуучу-машыктыруучулары факультеттик, шаардык, областтык, республикалык жана эл аралык мелдештерге курама командалары менен катышышууда.
1. КРнын дене тарбия жана спорт кызмамткерлеринин күнүнө карата.
2. Мугалимдер күнүнө.
3. Жаңы жыл майрамына карата.
4. Ата-мекенди коргоо күнүнө карата.
5. 8-март Эл аралык аялдлар күнүнө карата.
6. Нооруз майрамына карата.
7. Машыктыруучулар күнүнө карата.
8. Шаар күнүнө карата.
Факультеттер аралык №1 дене тарбия кафедрасынын башка
ЖОЖдор менен байланышы
1. ОшТУ
2.КМДТА
3.ОшПМУ
4.УЭП
5.ЖАМУ
6.Кыргыз-Өзбек эл аралык университети
7.БатМУ
КАФЕДРАНЫН МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫ
Дене тарбия сабагын окуп жаткан студенттер үчүн факультеттин фондунда эки спорттук зал, 1 мини футбол үчүн аянтча, 4 баскетбол ойноо аянтчасы, 4 волейбол ойноо үчүн аянтча, эки кийим алмаштыруучу кааналар, 1 душ каанасы, 2 теннис залы. Ошондой эле стандарт эмес спорттук курулмалар менен 3 треножер аянты жана студенттер үчүн 1 треножердук каана менен камтылган.
Ар окуу жылдын башында университеттин студенттери үчүн спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн шаардык стадиондун, “Алыш” спорт комплексинин, шаардык ЖӨСМ жана ушул сыяктуу спорттук мекемелер менен келишим түзүлүп, керектүү кааналар, спорттук эмеректерин ижарага алынып студенттер үчүн машыгууга шарт түзүп берилет.
КАФЕДРАНЫН ДАРЕГИ:
Ош шаары А. Масалиев (90) ОшМУнун Орус тил филология факульттетинин имараты Факультеттер аралык №1 дене тарбия кафедрасы.