Спорттук жана улуттук оюндар кафедрасы ОшМУнун ректорунун буйругу 2048-ФХД/21 жана ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2021-жылдын 23-апрелиндеги №7 протоколдун чечиминин негизинде “Спорттук жана улуттук оюндар” кафедрасы түзүлгөн. 2021- жылдын 23- апрелинен баштап доцент Сатиев Таалайбек Адылбекович жетектеген. 2022-жылдын 20-апрелинен улук окутуучу Сабиров Сулайман Абдикалилович жетектеп келүүдө
Болочоктогу дене тарбия адистерин заманбап техналогияларды пайдалануу менен дене тарбия, спорттук жана улуттук оюндар аркылуу, коомдун ден-соолугун сактоо жана бекемдөө, сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, адамдын психофизикалык жана моралдык сапаттарын өнүктүрүү, массалык – спорттук иштерди жайылтууга жөндөмдүү адистерди даярдоо.
Дене тарбия жана спорт багытында алган теориялык билимдерин практикада колдоно билүүгө үйрөтүү. Кесиптик ишмердүүлүктө жогорку тажрыйбалуу адистер менен жалпы билим берүү мекемелерин, дене табия жана спорт чөйрөсүн камсыз кылуу. Өз адистигинде эң мыкты, эркин ойлонгон, маданий баалуулуктарды сыйлаган, коомчулук алдында жооптуу, заманбап жаштарды тарбиялоого
1. КРнын дене тарбия жана спорт программасынын алкагында жаңы спорттук-педагогикалык технологиялардын, студенттердин организмине тийгизген таасиринин өзгөчөлүктөрүн изилдөө. 2. ЖОЖдордо дене тарбия жана спорт багытындагы окутуунун натыйжалуулугун изилдөө. 3. Студенттердин функционалдык абалын баалоо үчүн кийинки оңдоолор менен инновациялык ыкмаларды колдонуу. 4. Спортчулардын организмин машыгуу жүктөмдөрүнө ыңгайлаштыруу. 5. Спортчулардын функционалдык абалынын өзгөрүшүнө баа берүү менен машыгуу процессин башкарууну оптималдаштыруу (машыгууда туура жолду тандоо).