Сапаров Кубанычбек Кармышакович
1972-жылы 13-июндаОш облусунун Ноокат районунун
Интернационал айылында туулган.
1997-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин табият таануу жана география
факультетин «химия» мугалими адистигин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
1997-1999-жылдары ОшМУга караштуу квалификацияны жогорулатуу жана адистерди
кайра даярдоо институтунда окутуучу;
1999-2002-жылдары ОшМУнун аспиранты;
2002-2010-жылдары ОшМУнун Жалпы жана органикалык эмес химия кафедрасынын
окутуучусу, ага окутуучусу;
2005-2008-жылдары ОшМУнун Химия жана фармацевтика факультетинин деканынын
тарбиялык иштер боюнча орун басары;
2010-жылдан бери Химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын доценти;
2014-жылдан бери ОшМУнун табият таануу жана география факультетинин
деканынын окуу иштери боюнча орун басары.
Окумуштуулук даражасы: -02.00.01- органикалык эмес химия боюнча илимдин
кандидаты 11.06.2010-ж.
Ош Мамлекеттик Университетиндеги жалпы стажы - 26 жыл.
ГАНИС программасы боюнча илимий проектте “Составында азот, күкүрт,
кычкылтек кармаган органикалык лигандалар менен биометаллдардын туздарынын
негизинде координациялык бирикмелерди синтездөө, алардын физико-химиялык
касиеттерин изилдөө” деген темада илимий кызматкер болуп иштеген.
Ош, Бишкек, Ташкент жана Ходжент шаарларында өткөн илимий конференциялардын
жана семинарлардын катышуучусу.
Жарык көргөн эмгектери: жалпы 35 илимий макалалары Ош, Бишкек, Ташкент жана
Самара шаарларынан жарык көргөн.
Сыйлыктары: - ОшМУнун Ардак грамотасы (2013-ж);
- КР ББжИМнин Ардак грамотасы (2018-ж).
Үй-бүлөлүк абалы: 2 кыз жана 3 уулдун атасы.