ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК ЖАНА ИЛИМИЙ ИМПУЛЬС: ОшМУнун ОКУМУШТУУЛАРЫ САМАРКАНДДА

2026-10-30 09:04:04 3

2026-жылдын 23–24-октябрь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Самарканд мамлекеттик педагогикалык институтунда «Биология илиминин заманбап өнүгүшү жана аны окутуу методикасынын инновациялык мамилелери: илимдер аралык интеграция жана санариптик трансформацияга карай» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Аталган эл аралык илимий иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун доценттери Зулушова Акылбу Токторалиевна жана Эрматова Венера Белекбаевна катышты.

Конференциянын пленардык жыйынында ОшМУнун окумуштуулары «Агроэкологическая характеристика зеленых насаждений г. Ош» аттуу темада баяндама жасап, Ош шаарынын жашыл аймактарынын агроэкологиялык өзгөчөлүктөрү, жашылдандыруунун экологиялык мааниси жана шаардык чөйрөнүн туруктуу өнүгүүсү боюнча илимий маалыматтар менен бөлүшүштү. Баяндама конференциянын катышуучуларынын кызыгуусун жаратып, илимий пикир алмашууга өбөлгө түздү.

Иш сапардын алкагында эки тараптуу илимий кызматташууну өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, ОшМУнун ички гранттарынын алкагында Самарканд мамлекеттик педагогикалык институтунун окумуштуулары менен биргеликте ишке ашырылып жаткан илимий долбоорлордун алкагында лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана илимий кызматташуунун келечектеги багыттары боюнча маанилүү сүйлөшүүлөр болду.

Ошондой эле эки окуу жайдын ортосундагы илимий, академиялык жана окуу-методикалык байланыштарды чыңдоо багытында бир катар маанилүү иш-чаралар уюштурулду.

Анын алкагында доцент Эрматова Венера Белекбаевна тарабынан эки тараптын биргелешкен эмгегинин негизинде даярдалган «Лабораторный практикум по ботанике» аттуу окуу куралы Самарканд мамлекеттик педагогикалык институтунун китеп фондуна белек катары салтанаттуу түрдө тапшырылды. Бул окуу куралы студенттердин ботаника багытындагы теориялык билимдерин практикалык иштер менен айкалыштырууга жана лабораториялык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү окуу-методикалык эмгек болуп саналат.

Мындан тышкары, тажрыйба алмашуу максатында Самарканд мамлекеттик университетинин Ботаникалык багынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу болуп, ботаника, экология, өсүмдүктөр дүйнөсүн изилдөө жана жашылдандыруу багыттарында пикир алмашуулар жүргүзүлдү.

Бул иш сапар Ош мамлекеттик университетинин эл аралык илимий-билим берүү мейкиндигиндеги кызматташтыгын кеңейтүүгө, илимий байланыштарды бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп калды.

ОшМУнун окумуштууларынын эл аралык илимий иш-чараларга активдүү катышуусу университеттин илимий потенциалын таанытуу, алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүү жана коңшу өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен академиялык интеграцияны тереңдетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.