2026-09-03 08:11:27 5
Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун туризм багытынын студенттери Өзбекстандын Кокон университети тарабынан уюштурулган эл аралык жайкы лагерге катышып келишти.
Эл аралык жайкы лагерь 2026-жылдын 3–7-август күндөрү өткөрүлүп, ага туризм багытынын 3-курсунун студенти Абдисайит кызы Гүлгүнай, 2-курсунун студенттери Татанова Согдиана жана Төканова Аяна катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер билим берүүчү семинарларга, мастер-класстарга, интерактивдүү тренингдерге, спорттук жана маданий иш-чараларга активдүү катышышты. Мындан тышкары, алар аймактын бай маданий-тарыхый мурастары менен таанышып, анын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана өнүгүү багыттары тууралуу баалуу маалыматтарды алышты.
Эл аралык жайкы лагерь студенттерге жаңы билим жана тажрыйба топтоого, кесиптик багытта өнүгүүгө, маданияттар аралык байланыштарды кеңейтүүгө жана башка өлкөлөрдөн келген жаштар менен пикир алмашууга чоң мүмкүнчүлүк түздү.
Мындай эл аралык долбоорлор жогорку окуу жайлардын ортосундагы академиялык жана кесиптик кызматташтыкты бекемдөөгө, студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана заманбап туризм тармагындагы адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.