“Кара-Шоро” жаратылыш паркына илимий сапар

2026-09-03 08:02:50 6

2026-жылдын 28–29-июль күндөрү Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын окумуштуулары “Кара-Шоро” мамлекеттик жаратылыш паркында илимий изилдөө иштерин жүргүзүштү.

Илимий экспедициянын курамында география илимдеринин доктору, профессор Низамиев Абдурашид Гумарович, география илимдеринин кандидаты, доцент Самиев К.Т., география илимдеринин кандидаты Ибраев С.А. жана ага окутуучу Султанов Ж.М. болушту.

Бул илимий сапар Ош мамлекеттик университетинин “Обоснование потенциала зеленой экономики и отраслевой диверсификации для устойчивого развития региона (на примере Ошской и Баткенской областей Кыргызской Республики и Андижанской области Республики Узбекистан)” аттуу гранттык долбоорунун алкагында уюштурулду.

Изилдөөнүн негизги максаты – “Кара-Шоро” мамлекеттик жаратылыш паркынын учурдагы абалы менен таанышуу, аймактын флорасы жана фаунасына байкоо жүргүзүү, туристтик агымдардын өзгөчөлүктөрүн талдоо, ошондой эле туризм жана айыл чарба ишмердүүлүгүнүн жаратылыш аймагына тийгизген таасирине баа берүү болду.

Экспедициянын жүрүшүндө парктын жаратылыш ресурстары, экологиялык абалы жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү изилденди. Байкоолордун жыйынтыгында туристтердин санынын салыштырмалуу аздыгы жаратылышка болгон антропогендик басымды төмөндөтүп, өсүмдүк катмарынын жакшы сакталышына шарт түзүп жаткандыгы белгиленди. Аймакта бадал жана дарак өсүмдүктөрүнүн жаш өсүндүлөрү көп кездешип, экосистеманын табигый жаңылануу процесси жүрүп жаткандыгы аныкталды.

Окумуштуулар тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн жашыл экономика принциптерин колдонуу, экологиялык туризмди туура уюштуруу жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу багытында маанилүү маалыматтарды берет.

Экспедициянын жыйынтыктары гранттык долбоордун алкагында талданып, илимий отчеттордо жана илимий басылмаларда чагылдырылат.

Ош мамлекеттик университетинин окумуштууларынын жаратылыш парктары жана коруктар менен биргеликте жүргүзүп жаткан илимий изилдөөлөрү Кыргызстандын уникалдуу экосистемаларын сактоого, экологиялык туризмди өнүктүрүүгө жана аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган маанилүү иштердин бири болуп саналат.