2026-07-23 15:00:01 7
2026-жылдын 5–11-июль күндөрү Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору, профессор Низамиев Абдурашид Гумарович жана агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын доценти Абжапарова Динара Абдыкадыровна Австрия Республикасынын Зальцбург шаарындагы Зальцбург университетине илимий сапар менен барып келишти. Илимий сапардын негизги максаты – Евразия–Тынч океан союзунун алкагында ишке ашырылып жаткан “GIScience Education Supporting Climate Action (GISc-4-SDG13)” эл аралык долбоорунун алкагындагы иш-чараларга катышуу, геомейкиндик технологиялары боюнча тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү болду. Сапардын жүрүшүндө Ош мамлекеттик университетинин өкүлдөрү географиялык маалыматтык системалар (GIS), климаттын өзгөрүшүнө адаптация, туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда геомейкиндик технологияларды колдонуу боюнча уюштурулган семинарларга жана талкууларга активдүү катышышты. Мындан тышкары, делегация геоинформатика тармагындагы дүйнөдөгү абройлуу илимий иш-чаралардын бири болгон «AGIT 2026» эл аралык конференциясына катышып, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген окумуштуулар жана адистер менен илимий байланыштарды чыңдап, заманбап GIS технологиялары боюнча акыркы жетишкендиктер менен таанышышты. Бул илимий сапар Ош мамлекеттик университетинин эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүгө, окутуу жана илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга, ошондой эле геоинформатика жана туруктуу өнүгүү багытындагы жаңы демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түзөт.