2026-06-25 07:06:48 15
Ош мамлекеттик университетинун жаңы Жобосунун талаптарына ылайык 550100, 520100, 520200, 610001, 620001, 600200 жана 610200 багыттары боюнча негизги билим берүү программаларын (НББП) жаңылоо жана өркүндөтүү максатында талкуулар өткөрүлүүдө.
Талкуулар бакалавр жана магистратура деңгээлдеринде жүргүзүлүп, билим берүү программаларынын мазмунун заманбап талаптарга шайкеш келтирүү, эмгек рыногунун муктаждыктарын эске алуу жана окуу процессинин сапатын жогорулатуу маселелери каралууда.
Иш-чарага тиешелүү кафедралардын окутуучулары, билим берүү программаларынын жетекчилери, адистер жана кызыкдар тараптар катышып, сунуш-пикирлерин билдиришүүдө. Жыйынтыгында программаларды өркүндөтүү боюнча сунуштар топтолуп, жаңы редакциядагы билим берүү программаларын бекитүүгө даярдоо иштери жүргүзүлөт.
Мындай талкуулар университетте билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, академиялык талаптарды күчөтүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого багытталган.