Кесипке багыттоо иштери жүрүп жатат

2026-04-17 08:35:41 9

Абитуриент – 2026
2026-жылдын 16-апрелинде табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору, профессор А.Низамиев, физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана ТТК кафедрасынын доценти А.Зулушова, экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын ага окутуучусу Ж.Султанов жана ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасынын окутуучусу А.Осмонали уулу Мырза-Аке айыл аймагындагы мектептерди кесипке багыттоо иштеринин алкагында кыдырышты. А.Калмурзаев атындагы орто мектеби (директору Апарканова Миргуль Эсенгельдиевна), № 3 М.Нурбаев атындагы орто мектеби (директору Койлубаева Нуркан Аттокуровна), № 77 К.Раимбеков атындагы орто мектеби (директору Тешебаева Жазгүл Аширалиевна), № 34 Т.Машрапов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеп (окуу бөлүмүнүн башчысы Абдраимова Элнура Камчыбековна) менен таанышып, 9- жана 11-класстардын окуучулары менен жолугушуу өткөрдүк. География адистиги боюнча 2 бүтүрүүчүбүз – Апарканова М.Э. жана Койлубаева Н.А. эки мектептин жетектеп келишет. Бул иш-чаранын алкагында Өзгөн районунун билим берүү башкармалыгынын башчысы Акматов Жоомарт Алдыраманович (география адистиги боюнча бүтүрүүчүбүз) менен жолуктук, эки тараптуу кызматташууну талкууладык.
ОшМУга, табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтуна келиңиздер!