РЕГБИ БОЮНЧА ЖАҢЫ ОКУУ КУРАЛЫ ЖАРЫК КӨРДҮ!

2026-04-15 09:57:06 14

Профессор Жолдошев Манас Эркинбаевич жана Окен уулу Шумкар тарабынан даярдалган «Регби оюнун кантип үйрөнөбүз» аттуу усулдук колдонмо жарык көрдү.

Бул эмгек Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан жогору бааланып, басууга сунушталган. Колдонмодо регби оюнунун негизги ыкмалары, техникалык жана тактикалык өзгөчөлүктөрү, ошондой эле команда түзүүнүн жолдору кыргыз тилинде кеңири жана түшүнүктүү баяндалган.

Жаңы окуу куралы дене тарбия мугалимдери, машыктыруучулар жана регби спортуна кызыккан жаш спортчулар үчүн пайдалуу методикалык булак болуп саналат.

Авторлорду бул илимий жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Алардын илимий ишмердүүлүгү мындан ары да өнүгүп, кыргыз спортунун өсүшүнө зор салым кошо берерине ишенебиз.