Эл аралык аккредитациядан откоруу жана баалоо процедурасын методикасы”боюнча семинар.

2016-01-26 11:24:02 183

2016-жылдын 25-январь куну ОшМУнун ОИДдин директору доцент Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич “Факультеттеги бакалавр программасындагы педагогикалык жана инжнердик профилдерди Эл аралык аккредитациядан откоруу жана баалоо процедурасын методикасы”боюнча ТТГФнин профессордук –окутуучулар курамынын катышуусунда методикалык семинар болду. Семинарда адистиктерди аккредитациядан откоруу боюнча баалоонун максаттары, милдеттери, өткөрүүнүн этаптары, маалыматтарды чогултуунун методдорун аныктоо,жумушчу топтун иш аракеттери,окуу,жумушчу окуу пландардын тузулушу,элективдик курстарды киргизуу боюнча маалыматтарды толук берди.Семинарда окутуучулар тарабынан кызыктуу суроолор болуп, аларга жоопторду алышты.Факультетин жамааты Кожобеков Кудайберди Гапаралиевичке берген маалыматтары учун ыраазычылыгын билдиришип,иштеринде ийгиликтерди каалашты.