2015-12-17 15:29:20 195
Ботаника, ЖБД жана БОУ кафедрасынын доценти, Медициналык колледжинин «Фармацевтикалык дисциплиналар» кафедрасынын башчысы, “Экологиялык-Тилектештик” коомдук фондунун жетекчиси доцент О.Колановду Арал деңизин коргоого байланыштуу эл аралык фондунун туруктуу өнүгүү боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын алдындагы коомдук кеңешке Кыргызстандын атынан мүчө болуп шайланышы менен куттуктайбыз. Коомдук кеңеш 15 мүчөдөн туруп, Борбордук Азиянын ар бир өлкөсүнөн 3төн мүчө бар. Кеңештин негизги максаты – региондогу мамлекеттик органдар жана граждандык коомдун ортосундагы кызматташтыкты Айлана чөйрөнү коргоого багытталган регионалдык долбоорлорду иштеп чыгууну жана ишке ашырууну көзөмөлгө алуу аркылуу өнүктүрүүгө салым кошуу.