Директор тарабынан студенттер жана окутуучулар жамааты менен жолугушуу

2024-12-26 08:02:45 19

ОшМунун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору, г.и.д., профессор Низамиев А.Г. институттун студенттер жана окутуучулар жамааты менен 2024-2025-окуу жылында жолугушууларды уюштуруп, институттагы окуу процесси, таалим-тарбиялык иштер, илимий ишмердүүлүк, коомдук иштер, материалдык-техникалык базаны жакшыруу, коррупциялык иш-аракеттерге бөгөт коюу, социалдык көйгөйлөр, алдыдагы иш-пландар, милдеттер ж.б. маселелер боюнча бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келет. Айтылган маселелер боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлүп, ректораттын деңгээлинде чечиле турган маселлер боюнча билдирүүлөр берилди.
2024-жылдын 1-июль күнү дене тарбия секторунун окутуучулары менен жолугушуу болду. Аларды илимий ишмердүүлүккө тартуу, биргеликте илимий макалаларды жана окуу китептерин чыгаруу боюнча сөзүн берди. Ошондой эле окутуучулар спорттук базаны жакшыруу, эски спорттук аянттарды учур ремонтунан өткөрүп турууну суранышты.
2024-жылдын 22-октябрь күнү табият таануу секторунун студенттери менен жолугуп, студенттердин көйгөйлөрүн, сунуш пикирлерин угуп, ар кандай маселени студенттердин пайдасына чечип берерин айтып өттү.
2024-жылдын 11-ноябрь күнү табият таануу секторунун окутуучулары менен жолугушуу болду. Коррупцияга каршы күрөш, МТБ, техникалык коопсуздук, академиялык жана илимий чынчылдык ж.б. маселер боюнча сөз болду.
2024-жылдын 23-декабрь күнү дене тарбия секторунун студенттери менен жолугушуу болду. Алар негизинен спорттук базаны жакшыруу, айрыкча спорттук гимнастика, бокс жана күрөш боюнча атайын залдарды уюштуруп берүүнү суранышты.