Нарк – ар бирибизге таберик, уламалап улантуучу улуу сабак

2024-12-13 10:03:07 18

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук нарк жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу жана аны коомчулуктун кеңири катмарына жайылтуу, пропагандалоо максатында бүгүн, 2024-жылдын 11-декабрында Т.Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбековичтин "Жол санат", "Ой санат", "Нарк куржун" китептеринин талкуу иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарага: Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин кызматкери жарандык активист Исхак Эгемназаров; ОшМПУнун музыкалык-педагогикалык факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Майрамкан Мусаканова; Улуттук Жазуучулар Союзунун Ош бөлүмүнүн төрайымы Бермет Закирова; ОшМУнун окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Маданова Кызбурак; ОшМУнун табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафердрасынын доценти Момошева Гулиза; аталган институттун ТМ(б)-1-22, ТМ(б)-1-23 тайпалары активтүү катышып, өз ойлорун билдиришип аны менен катар кызыктуу баяндамалар талкууланды.