2024-12-11 10:18:41 34
2024- жылдын 9- декабрында , ОшМУда жылдын мыкты мугалимдер менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Табият таануу, дене тарбия,туризм жана агрардык технологиялар институтунун мыкты бүтрүүчүүсү, 2020-жылдын Химия бакалавр жана 2022- жылдын Химия магистр даражасынын ээси, М.Мырзаев атындагы №45 орто мектебинин химия мугалими Садирова Айдана Эржигитовна "Мыкты мугалим-2024" Шаардык кароо сынагында биринчи орунду ээлегендиги үчүн ОшМУнун ректорунун ыраазычылык баракчасына жана акчалай сыйлыкка ээ болду.