2024-11-12 03:41:40 44
Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети «Data+ International» ЖЧКсы менен биргеликте 2024-жылдын 7-8-ноябрында «ЦИФРОВАЯ РЕАЛЬНОСТЬ: НОВЫЕ ВЫЗОВЫ В КАРТОГРАФИИ, ГИС И ДЗЗ» деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференциянын максаты: картография, географиялык маалымат системалары жана Жерди аралыктан зонддоо тармагындагы актуалдуу көйгөйлөрдү, тенденцияларды жана инновацияларды талкуулоо жана илимий-практикалык адистердин ортосунда билим жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле санариптештирүү жана технологияны тез өнүктүрүү шартында заманбап картография жана геоинформатика алдында турган милдеттерди чечүү үчүн жаңы ыкмаларды жана чечимдерди табууга багытталды.
Бул иш-чарага ОшМУ нун табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун, агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын доценти, т.и.к. Абжапарова Динара Амалбековна катышып, геодезия, картография, ГИС, аралыктан зонддоо боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшүп келди.