2024-05-29 03:43:47 65
2023-жылдын 24-декабры. Ош шаарынын тургуну Ж.С.Жээнбековдун өткөн 2023-жылдын ноябрь айында ОшМУнун ректору, профессор К.Кожобековго келечекте чарбалык-өндүрүштүк максатта өнөктөштүк шарттарда кызматташуу ниетин билдирип, Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Шоро айылындагы анын карамагындагы 1972-ж. түптөлгөн, 2.30 га аянтта жайгашкан алма багынын пайда болуу тарыхы жана бүгүнкү күндөгү экологиялык абалы боюнча эксперттик корутунду жасап берүүнү суранып, 27.11.2023-ж. кайрылуусун жолдогон. Маселени изилдеп көрүп, өз ара байланыштарды түзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ОшМУнун Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар боюнча Консалтинг борборунун алдында эксперттик топ түзүлгөн. Анын курамына: А.У.Аккулов – аталган борборунун директору, география илимдеринин кандидаты, доцент, А.Г.Низамиев – табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, география илимдеринин доктору, профессор, О.И.Маматкулов – ТТТАТФ нин ботаника, жалппы билогиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасынын улук окутуучусу кирген жана жогоруда айтылган даректеги алма бак участогундагы дарактар алардын жалпы абалына терс таасирин тийгизген бир катар факторлордон улам мындан ары да жыл өткөн сайын тез картайып, түшүмдүүлүгү азайып, чекеден куурап жок болушу мыйзамченемдүү кубулуш экендиги аныктаган. Андыктан бул участокту комплекстүү реконструкциялоо иштерин жүргүзүү аркылуу эффективдүү пайдаланууга жетишүү максатка ылайыктыгы белгилеп, бул жерде реконструкциялоо, жашылдандыруу жана инновациялык чарба жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгып беришкен. Алма бактын экологиялык абалын атайын иликтеген бул эксперттик топтун аны реконструкциялоо, жакшыртуу жана мындан ары өздөштүрүү, инновациялык ыкмалар аркылуу сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштары азыркы учурдагы тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү саясатына шайкеш келүүсү жергиликтүү бийликтер, мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү чечимдерди кабыл алууда эске алынып, жеке ишкер Ж.Жээнбековго келишимдин негизинде 5 жылдык мөөнөткө ижарига берилген. Азыркы учурда бул жер эски дарактардан толук арылтылып, кыйып алынган жыгачтарын жергиликтүү элдин чарбалык керектөөлөрүнө, муктаж үй-бүлөлөргө отунга ж.б. жумшалып, бошогон участок дарак тамырларынан тазаланып, сүрдүрүлүп-тегизделип, ордуна кайрадан жаңы алма көчөттөрү отургузулуп бак түптөлгөн.