БОЛГАРИЯ ОКУМУШТУУЛАРЫ МЕНЕН БАЙЛАНЫШАБЫЗ

2024-05-25 11:23:30 61

Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, профессор А.Г.Низамиев жана Жашыл экономика жана тобокелчиликтерди башкаруу илимий-изилдөө институтунун директору, доцент Г.А.Момошеванын демилгеси менен Болгария илимдер академиясынын Биоартүрдүүлүк жана экосистемаларды изилдөө институту менен келишим түзүлдү. Анын негизинде Кыргызстандагы табигый экосистемаларды изилдөө иштери жүргүзүлөт. Буга чейин институттун кызматкери Х.Дундарова бизге келип, илимий изилдөө жүргүзүп кеткен.