ЖАҢЫ ИЛИМИЙ ИНСТИТУТ ИШИН БАШТАДЫ

2024-05-25 09:48:48 73

ОшМУнун ректору К.Кожобековдун буйругу менен ТТАТФнин экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын доценти, география илимдеринин кандидаты Момошева Гулиза Абылкасымовна Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Жашыл экономика жана тобокелчиликтерди башкаруу илимий-изилдөө институтунун директору болуп дайындалды. Ал эми институттун директорунун орун басарына коомдук башталышта геология-минералогия илимдеринин кандидаты Умаралиев Руслан Абдибаетовичти дайындалды. Жаңы түзүлгөн илимий түзүмдүн максаты: Ош мамлекеттик университетинде “Кыргызстан – жашыл экономика өлкөсү” аттуу Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика концепциясын ишке ашыруу, “окуу-илим-өндүрүш-бизнес” түзүмүн ишке ашыруу жана экономиканы экологиялаштыруунун илимий-практикалык негиздерин иштеп чыгуу.