ТТГФнин профессору .А.Низамиевдин «Кызыктуу жаныбарлар» аттуу китеби басмадан чыгарылды..

2015-09-22 08:50:05 210

22.09.15.Экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасынын профессору Абдурашит Низамиевдин «Кызыктуу жаныбарлар» аттуу китеби жарык көрдү. Аталган китеп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептин окуучулары үчүн биология предмети боюнча кошумча окуу колдонмосу катары сунушталган. Китепте биздин планетабызда таркалган жаныбарлардын сырткы түзүлүштөрү, ички мүмкүнчүлүктөрү жана жашоо образдары боюнча өзгөчөлүктөрү, адам менен жаныбарлардын ортосундагы өз ара карым-катнаштар жана адам тарабынан жаныбарларды пайдалануу жолдору каралат. Китеп мазмуну боюнча көп жактуу: биологиялык жана экологиялык маанилери менен катар географиялык, экономикалык, социалдык, филологиялык ж.б. аспектилерди да камтыйт. Ошону менен бирге автор мектеп окуучуларын жана жалпы окурмандарды жаратылышка, анын ажырагыс бир бөлүгү болгон жаныбарлар дүйнөсүнө болгон сүйүүнү жана ар тараптуу кызыгууну күчөтүүгө чакырат.