ОшМУ Москва мамлекеттик геодезия жана картография университети менен кызматташат.

2022-12-22 16:14:51 153

Москва мамлекеттик геодезия жана картография университетинин эл аралык иштер боюнча проректору Светлана Шведова, Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, «Чек арасыз билим» академиялык мобилдүүлүк платформасынын түзүүчүсү жана долбоорунун координатору Инна Пономарева, геодезисттердин эл аралык ассоциациясынын мүчөсү, профессор Владимир Голубев, картография факультетинин деканы Глеб Загребин ОшМУга иш сапары менен келишти.

Жыйында Светлана Шведова КМШга мүчө мамлекеттердин тармактык университетинин геодезия, картография, кадастр жана жерди аралыктан изилдөө чөйрөсүндө кадрларды даярдоого багытталган долбоору менен тааныштырды. Ошондой эле ОшМУ менен Москва мамлекеттик геодезия жана картография университетинин тармактык университетини түзүү, бул долбоордун алкагында ОшМУнун колдонмо гоедезия адистиги менен биргелешкен билим берүү программасын ишке ашыруу, кош дипломдуу билим берүү маселерин талкуулашты. Эки окуу жай ортосунда академиялык мобилдүүлүк, професордук-окутуучулар ортосунда илимий, билим берүү багытында кызматташуу, биргелешкен конференцияларды өткөрүү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багытында сүйлөшүүлөр болду жана эки тараптуу келишимге кол коюлду