ТТАТФнин окумуштуулары гранттык долбоорлор боюнча алдыда.

2022-11-26 13:19:00 129

ОшМУда 2022-жылга карата гранттык долбоорлордун конкурсунда табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин кызматкерлери тарабынан жалпы 14 гранттардын ичинен 8 долбоор утуп алынды. Долбоорлордун жалпы суммасы 9972846,5 сомду (жалпы гранттардын 57,4%ы) түзөт. Илимий жетекчилер: Абдуллаева М.Д., т.и.д., проф., Абдурасулов А.Х., а.ч.и.д., проф., Абжапарова Д.А., т.и.к., доцент, Жумабаева Т.Т., КР УИА корр.-мүчөсү, б.и.д., проф., Низамиев А.Г., г.и.д., проф., Сатыбаев А.Т., ага окут., Тажибаев А., б.и.д., проф., Шербаева З.Э., г.и.к., доцент. Биздин окумуштуулар талаа жана камералык изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий экспедицияларды уюштуруу, эң негизгиси илим менен өндүрүштү жана бизнести айкалыштыруу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болушту.

Айта кетсек, ОшМУда гранттык долбоорлордун конкурсу 2021-жылы башталып, андагы 12 долбоордун да басымдуу бөлүгүн биздин факультет аткарды.