ТТАТФ: ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР КЕҢЕЙҮҮДӨ.

2022-10-03 10:49:20 143

2022-жылдын 30-сентябрында табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетине АКШнын Техас университетинин профессору, доктор Равипракаш Дани жана Индиянын Солан коомдук мектебинин директору Прети Кумар келди. Конокторду университибиздин окуу иштери боюнча проректору З.Бөжөнов кабыл алып, кызматташуунун өз ара пайдалуу жактары талкууланды. Доктор Равипракаш Дани айыл чарбасы боюнча адис катары жакынкы арада факультетте айыл чарба маселелери, ошондой эле ботаника, биотехнология, генетика боюнча сабактарды өтөт.