Польшанын Помор академиясынан келген делегация ТТАТФда конокто.
2022-09-29 13:16:40 133
2022-жылдын 24-28-сентябрь күндөрү ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетине эл аралык илимий байланыштардын алкагында Польшанын Помор академиясынан делегация (Збигнев Осадовский, ректор, биологиянын доктору; Данута Герчиньска, проректор; Ян Кирвель, Биология жана Жер жөнүндө илимдер институтунун геоэкология жана геоинформатика кафедрасынын профессору, г.и.д., профессор; Богуслава Медвид, окутуучу) келди. Биринчи күнү окуу иштери боюнча проректор З.Бөжөновдун катышуусунда эки тараптуу келишимди узартуу иш-чарасы болду. Окумуштуу коноктор “биология”, “география”, “химия” жана “туризм” багыттарынын студенттери үчүн конок лекцияларын окушту, мобильдүүлүк алкагында академияга баруу шарттарын тааныштырышты. Кыргызстандын географиясын жана экологиясын таанып-билүү максатында Чоң-Алай районуна (анын ичинде Ленин чокусуна) экскурсия жасалды. Аталган европалык ЖОЖ менен кызматташуунун реалдуу иш-чараларын пландаштырдык.