Россия илимпозу ТТАТФда конокто .

2022-09-29 13:08:16 119

2022-жылдын 18-23-сентябрь күндөрү ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетине Россия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн В.Сочава атындагы География институтунун (Иркутск ш.) башкы илимий кызматкери, г.и.д., проф. Л.М.Корытный география илиминин өнүгүүсү жана анын алкагында байланыштарды күчөтүү, Байкалдын экологиясы, жашыл экономика, туризм, картография ж.б. багыттарда конок лекцияларын жана илимий консультацияларын өттү. Конокту ректорубуз, проф. К.Кожобеков кабыл алып, кызматташуу маселелери талкууланды.