ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде 5 кабаттуу клиниканын курулушуна капсула салынды.

2022-08-20 16:27:25 125

Бүгүн ОшМУда, анын табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде тарыхый мааниси бар чоң салтанат болуп өттү: түштүк аймакта эң алгачкы болгон ветеринардык клиниканын имаратынын курулушуна капсула салынды. Ага университеттин ректору, профессор Кудайберди Кожобеков калың жамааттын өкүлдөрү менен, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк ветеринарлар ассоциациясынын президенти Рафаэль Лагенс, КРнын Ветеринардык палатасынын директору Кубатбек Маматкулов, “Кыргызстан ветеринарлар альянсы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Саматбек Алиев, “Жаш ветеринарлар лигасынын” коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубатбек Келдибеков катышты. Клиника 5 кабаттан туруп, жалпы аянты 3000 чарчы м болот. Түштүктөгү эң ири окуу-илимий-өндүрүштүк жана ветеринардык-медициналык борбор болуу менен анда айыл чарба тармагындагы атайын адистештирилген илимий лабораториялар иштейт. “Ветеринария” жана “агрономия” жана ага тектеш (“биология”, “химия”, “география”) багыттары боюнча адистерди даярдоо сапаттык жактан жаңы тепкичке чыгуусуна жол ачылды.