ТТАТФнын окумуштуулар курамы ОшМУнун гранттык долбоорлорунун негизинде аткарылып жаткан илимий экспедицияга барып келишти.
2022-08-03 16:27:02 118
2022-жылдын 30-31-июль күндөрү ОшМУнун гранттык долбоорлорунун негизинде аткарылып жаткан “Туризм и народно-художественный промысел как факторы социально-экономического развития отдаленных районов юга Кыргызстана” аттуу долбоордун алкагында табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, г.и.д., профессор Низамиев А.Г. баштаган илимий топ, Чоң-Алай районуна илимий экспедицияга барып келишти. Экспедиция мезгилинде Ленин чокусунун этегиндеги Ачык-Таш альплагеринин аймагында өткөрүлгөн “Тоо фестивалына” катышып, жергиликтүү калктын арасында кол өнөрчүлүк менен алектенген жашоочулар менен баарлашуу болду. Кийинки илимий сапар Баткен областынын алыскы аймактарында жашап, кол өнөрчүлүк менен алектенген жашоочуларга болмокчу.