ТТАТФнын деканы Сузак районунда иш сапарында болуп келди.
2022-08-03 16:21:03 126
2022-жылдын 26-27-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы (№388-Р) аймактарды санариптештирүү процессине катышуу жана аймактарды өнүктүрүү түйүндөрүн аныктоо боюнча Сузак районунун социалдык-экономикалык өнүгүү негиздемесин даярдоо боюнча демилгелүү топтун мүчөлөрү катары ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, г.и.д., профессор Низамиев Абдурашит Гумарович, КЭУнун эл аралык бизнести башкаруу кафедрасынын башчысы, э.и.д., профессор Атышов Көбөгөн, ОшМУнун бухгалтердик эсеп жана экономикалык талдоо кафедрасынын профессору, э.и.д. Айбашев Муратбек Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда иш сапарында болуп келишти. Иш сапардын алкагында Сузак райондук администрация өкүлдөрү жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен жолугушуу болуп, райондун социалдык-экономикалык абалы жана келечеги боюнча талкуу жүргүзүлдү. Көйгөйлөр жана сунуштар айтылып, иш-чаранын жыйынтыгында райондун өнүгүү негиздерин камтыган иш-план иштелип чыга турган болду.