Матикеевдик окуулардын III жыйнагы чыкты.

2022-06-22 12:51:08 127

ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде КР билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, география илимдеринин доктору, профессор Курманали Матикеевдин 80 жылдык юбилейине карата өткөрүлгөн III Матикеевдик окуулардын материалдарынын жыйнагы чыкты. Ага факультеттин профессордук-окутуучулук жамааты менен кошо магистранттар жана студенттердин актуалдуу илимий багыттагы макалалар топтому кирди. Илимий семинар К.Матикеев 1971-жылдан бери өзүнүн илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн баштап, география багытындагы педагогикалык кадрларды даярдоонун негиздөөчүсү болгон факультетте уюштурулган.