ТТАТФнын ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ, ветеринария жана агрономия кафедраларынын профессордук-окутуучулук курамы тренингке активдүү катышышты.
2022-05-20 15:28:40
125
2022-жылдын 18-19-май күндөрү ФАО жана «Агролид» айыл чарба консультациялык
компаниясынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба
министрлигинин, Карантин, химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо
департаментинин, фитосанитардык лабораториялардын, айыл чарба өсүмдүктөрүн
экспертизациялоо департаментинин, Чүй жана Ош облустарынан айыл чарба
тармагындагы консультациялык уюмдардын, «Манас» КТУнун жана ОшМУнун
адистеринин катышуусунда тренинг өткөрүлдү.
Тренингдин максаты - дан өсүмдүктөрүнүн дат оорусунун (ржавчина – Puccinia)
түрлөрүн изилдөөгө арналды. Изилдөөнүн жыйынтыгында талаа шартында дан
өсүмдүктөрүн жабырланткан даттын түрлөрүн изилдөө жана аныктоо боюнча
машыгуулар өткөрүлдү. Өсүмдүк материалын тандоого жана өсүмдүктүн оорулуу
органдарынан гербарий материалын түзүү методикасы өздөштүрүлдү.