“Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн музейи” аталышындагы китебинин бет ачар аземи болуп өтту.
2022-04-25 17:24:12
128
2022-жылдын 19-апрель күнү КРнын токой чарбасына эмгек сиңирген ишмер,
ОшТУнун ардактуу профессору Боронбаев Асандын “Кулун-Ата мамлекеттик
жаратылыш коругунун өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн музейи”
аталышындагы китебинин бет ачар аземи болуп өтту. Иш чараны ТТАТФнын
деканы, г.и.д., профессор Низамиев А.Г. алып барды. Китептин бет ачарында
ОшМУнун ректору, ф.м.и.д., профессор Кожобеков К.Г.,
«Сулайман-Тоо» музей комплексинин башкы директору Абдрахманов С., Сыдыков
атындагы Кыргыз-өзбек эл аралык университетинин ректору, э.и.д., профессор
Райымбаев Ч.К. жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору,
п.и.д., профессор Зулуев Б.Б. куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Катышуучулардын
катарын факультеттин окутуучулук-профессордук жана студенттик жамааты
түздү.