“Жашыл мурас”: ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин дендрологиялык паркына ак кайың көчөттөрү тигилди.
2022-04-14 12:38:10 131
2022-жылдын 13-апрелинде Бүткүл дүйнөлүк Жер күнүнө карата, КР Президентинин “Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук” аттуу Жарлыгынын алкагындагы “Жашыл мурас” улуттук кампаниясына ылайык “Орхус борбору” эл аралык уюмунун уюштуруусунда (директор Исабаев К.И.) КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техкөзөмөл министрлигинин Ош аймактык башкармалыгы, Ош шаарынын мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети, “Кыргыз-Ата” улуттук жаратылыш паркы, “Тазалык” МИ, ОшТУ, КӨУ, ОшМПУнун өкүлдөрүнүн катышуусунда ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин дендрологиялык паркына 70 түп ак кайыңдын көчөттөрү тигилди. Бул экологиялык иш-чарага аталган факультеттин окутуучулары жанан студенттери активдүү катышып, көчөт тигүү менен катар Ак-Буура дарыясынын жээгин таштандылардан тазалашты (2,5 кубдан ашык таштанды алынды).