ТТГФда Урал мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери конокто.

2021-12-30 15:02:45 127

2021-жылдын 21-сентябрынан 1-октябрь күндөрү Урал мамлекеттик педагогикалык университетинин табият таануу, дене тарбия жана туризм институтунун директору, доцент Оксана Янцер баштаган география адистигинин 7 студенти ОшМУнун табият таануу жана география факультетинде академиялык мобилдүүлүктүн негизинде 10 күндүк окуу өндүрүштүк практикасын өтөп кетишти. Практиканын алгачкы күнүн студенттер ТТГФ нын деканы, профессор Низамиев А.Г. менен биргеликте факультеттин эмгек жамааты, окуу корпусу жана ботаникалык бак менен таанышуудан башташты. Андан соң студенттерди ОшМУнун ректору, профессор Кожобеков К.Г. кабыл алды. Практиканын журушундо студенттер ОшМУнун ТТГ факультетинин туризм жана STEM инновациялык коллледжинин туризм адитиктеринин студенттери менен биргеликте жыл сайын белгиленүүчү 27-сентябрь Бүткүл дуйнөлүк туризм күнун Алай районунун Көлдүк туристтик зонасына барып белгилеп келишти.

Андан сон Чүй жана Ысык-Көл областтарын кыдырып келишти. Практиканын сонку күндөрүндө Араван районуна барып, аймактын ландшафты жана айыл чарбасы менен таанышып кайтышты; факультеттер аралык №2 дене тарбия кафедрасы менен спорттун волейбол, баскетбол жана стол тенниси түрлөрү менен жолдоштук беттеш өткөрүштү. Доцент О.Янцер бакалавр жана магистратура багыттары үчүн лекцияларын окуду

01.10.2021