Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү.

2021-12-30 14:57:20 133

Ар жылы салтка айланган 27-сентябрь туризм күнүн белгилөө, быйыл Алай районунун Көлдүк айылынын жогору жагындагы көлдүн жээгинде белгиленди. Майрамдык иш-чарага ТТГФнын туризм адистигинде окуган студенттери (48 студент, 4 мугалим жана 1-курстун 2 магистранты) менен ОшМУнун STEM инновациялык колледжинде туризм адистигинде окуган студенттер (47 студент, 6 мугалим) жана учурда ТТГФда академиялык мобилдүүлүк боюнча жүрүшкөн Орусия Федерациясынын Урал мамлекеттик педагогикалык университетинин Табият таануу, дене тарбия жана туризм инситутунун директору Оксана Янцер баштаган география профилинин 3-курсунун 7 студенти дагы катышып келишти. Аталган туристтик жүрүштүн алкагында, 1-курс жана мейман студенттерге туристтик шаймандар менен иштөө (чатыр тигүү жана жыйноо, коопсуздук курун пайдалануу, саздан өтүү ж.б.) боюнча мастер класстар көрсөтүлүп, жоголуп бара жаткан улуттук ойундар ойнотулду. Башка жылдардан айырмаланып быйылкы иш-чара, өтө масштабдуу болду. Туризм күнүн белгилөө быйылкы жылы өлкө боюнча Ош шаарында өткөрүлгөндүктөн, факультеттин туризм адистигинин студенттери келген конокторго волонтерлук кызматтарды аткарышмакчы.

27.09.2021