ТТГФ: Факультеттин демилгеси менен онлайн-конференция өткөрүлдү

2021-05-19 13:15:54 201

2020-жылдын 7-майында Ош мамалекеттик университетинин табият таануу жана география факультетинин демилгеси менен "Борбор Азияда айлана-чөйрөнү коргоо: табигый кырсыктардын тобокелчиликтерин мейкиндик ыкмалары менен башкаруу" темасы боюнча борбордук азиялык аймактык онлайн-конференция уюштурулуп, өткөрүлдү.

Конференцияга ОшМУнун профессордук окутуучулук курамы жана студенттери ошондой эле И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (КМУ), Ургенч мамлекеттик университети (УМУ) жана Каракалпак мамлекеттик университетинин (КМУ) профессордук окутуучулук курамы өз баяндамаларын жана презентацияларын кыргыз, англис, өзбек жана орус тилдеринде окуп көрсөтүштү. Көрсөтүлгөн баяндамаларда академиялык коомчулуктун өкүлдөрү жана кызыкдар тараптар АЧК жана табигый кырсык тобокелдиктерин башкаруу жаатында окутуу, изилдөө жана техникалык иштеп чыгуу боюнча маалыматтар берилди.

Жыйынтыктоочу резолюцияда конференциянын катышуучулары биргелешкен билим берүү жана изилдөө иштерин андан ары алга жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алышты, ошондой эле өнөктөш университеттердин ортосунда студенттер менен окутуучулардын алмашуу тажрыйбаларын кеңейтүү каралды.