ТТГФ: Ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү.

2021-05-19 10:57:11 170

2019-2020-окуу жылынын 2-семестринде табигый илимий билим берүү багытынын химия профилинин 2-курсунун Х(б)-1-18 тайпасынын студенттеринин ата-энелерине 2020-жылдын 7-февралында “Ата-энелер чогулушу” жыйналышы тайпанын куратору, доцент Полотов Ибраим тарабынан өткөрүлдү. Жыйналышта студенттердин ата-энелерине университет жана факультет жөнүндө маалымат берилди, факультеттин материалдык техникалык базасы тааныштырылды, студенттердин катышуу, жетишүү жана жүрүм-турумдары боюнча ата-энелери менен баарлашуу жана сурамжылоо (анкета) жүргүзүү. Факультетке экскурция жүргүзүлдү. Анда компьютердик класстар, академик Б.Мурзаибраимовдун музейи, химия, биология, туризм жана зоология кабинеттери, чоң актылык зал, спорт залдар ж.б. көрсөтүлдү. Компьютердик класста ата-энелерге AVN системасы боюнча маалыматтар берилди. Мисалы, модул балдарынын, экзамендик бааларынын коюулушу, ар бир предмет боюнча балдары жана баалары, студенттердин жана тайпалардын арасындагы рейтинги, контракт төлөмдөрүнүн, приказдарынын маалыматтары сүрөттөрү менен чыккандыгы ж.б. менен таанышышты. Анда өздөрүнүн учурда окуп жаткан жана мурда бүтүп кеткен балдары жөнүндө маалыматтары сакталуу тургандыгын билгенде өтө кубанышты жана ыраазычылыктарын билдиришти. Ата-энелерге Университеттеги адистиктер анын ичинде табият таануу жана география факультетинде даярдалып жаткан адистиктер тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Жыйында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик жана Жалал-Абад мамлекеттик университеттерине мобилдүүлүк боюнча барып келген 3-курстун студенттери М.Набиева, Мамыт кызы Кызсайкал жана Н.Рысбаевалар доклад жасашты. Кээ бир студенттердин ата-энелерине студенттин окуудагы жетишкендиктери жана үлгүлүү жүрүм-туруму үчүн ыраазычылык баракчасы берилди.